https://sputnik.kg/20240516/bishkek-sverdlov-rayonu-shayloo-otot-1085183476.html
Бишкектин Свердлов округу боюнча ЖК депутатын шайлоо дайындалды
Бишкектин Свердлов округу боюнча ЖК депутатын шайлоо дайындалды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Бишкектин Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды. Бул тууралуу... 16.05.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-05-16T19:37+0600
2024-05-16T19:37+0600
2024-05-31T11:59+0600
кыргызстан
бишкек
шайлоо
свердлов району
https://sputnik.kg/img/103579/03/1035790311_282:0:4468:2354_1920x0_80_0_0_5ce336ffa91ec7225d06473f49b61736.jpg
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Бишкектин Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, шайлоо 30-июнга белгиленди.Эске салсак, Шайлообек Атазов Свердлов шайлоо округунан 2022-жылы депутаттыкка аттанган. Бирок ал шайлоо жаңжал менен коштолгон. Тагыраагы, депутаттыкка талапкер Абдурахманхаджи Муртазалиев алдыга озуп чыкканы менен добуш сатып алды деп айыпталып, жарыштан четтетилген. Мындан улам мандат кийинки орун алган Атазовго тийген. Бирок 2024-жылдын февраль айында Муртазалиев Атазовдун мандатын жокко чыгаруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазган. БШК аны канааттандырбай койгондуктан Муртазалиев Бишкектин административдик жана Бишкек шаардык сотуна кайрылып, экөөндө тең утуп алган. Жогорку сот эки инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Анткен менен Муртазалиевди депутат кылып бекитүү боюнча талап Жогорку сотто колдоо тапкан эмес.
https://sputnik.kg/20240430/shayloobek-atazov-mandatynan-azhyratylat-1084729071.html
бишкек
свердлов району
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103579/03/1035790311_261:0:4489:3171_1920x0_80_0_0_554c7c79406ef8f6346e6b915f193831.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, шайлоо, свердлов району
кыргызстан, бишкек, шайлоо, свердлов району
Бишкектин Свердлов округу боюнча ЖК депутатын шайлоо дайындалды
19:37 16.05.2024 (Жаңыртылды: 11:59 31.05.2024) БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Бишкектин Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, шайлоо 30-июнга белгиленди.
Эске салсак, Шайлообек Атазов Свердлов шайлоо округунан 2022-жылы депутаттыкка аттанган. Бирок ал шайлоо жаңжал менен коштолгон. Тагыраагы, депутаттыкка талапкер Абдурахманхаджи Муртазалиев алдыга озуп чыкканы менен добуш сатып алды деп айыпталып, жарыштан четтетилген. Мындан улам мандат кийинки орун алган Атазовго тийген. Бирок 2024-жылдын февраль айында Муртазалиев Атазовдун мандатын жокко чыгаруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазган. БШК аны канааттандырбай койгондуктан Муртазалиев Бишкектин административдик жана Бишкек шаардык сотуна кайрылып, экөөндө тең утуп алган. Жогорку сот эки инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Анткен менен Муртазалиевди депутат кылып бекитүү боюнча талап Жогорку сотто колдоо тапкан эмес.