00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:13
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Бишкекте коомдук транспорттун кан басымы жогору болгон 5 айдоочусу каттамдан четтетилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты. Башкармалыктын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү таң эрте Бишкек шаарынын аймагында жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспорттун айдоочуларын текшерүүгө алды. Текшерүү учурунда эч кандай лицензиясы жок каттамга чыгып жүргөн жана техникалык талаптарга жооп бербеген коомдук транспорттор аныкталып, автобекеттин жетекчисине 35 миң сом айып салынды. Айдоочуларды каттамга чыгуунун алдында наркология бөлүмүнөн текшергенде 5 айдоочунун кан басымы жогору экендиги аныкталды. Алар коопсуздук үчүн убактылуу каттамга чыгуудан четтетилди.
Ат-Башы районунда 10-майда катуу шамал катталып, алты адам жабыркады. Бул тууралуу аймактык кабарчы жергиликтүү администрацияга шилтеме кылып билдирди. Маалым болгондой, шамал 20дай үйдүн жана имараттын чатырын алып кеткен. "Жабыркагандардын үчөө ооруканага жаткырылып, дарыгердин көзөмөлүндө болууда. Калганы амбулатордук жардам алып үйлөрүнө кеткен", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле бүгүн мектеп, бала бакчалар аралыктан окуп жатканы кошумчаланды.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тез жардам ооруканасында комбустиологдор, пластикалык хирургдар жана травматологдор менен биргеликте Бишкек жылуулук электр борборундагы аварияда жабыркаган эки жабырлануучуга консилиум өткөрдү. Жыйынтыгында бейтаптарды Кыргыз курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо илим-изилдөө институтуна которуу чечими кабыл алынды. Министр бейтаптар Түркиянын Адана шаарындагы Шаардык илимий-изилдөө ооруканасынын күйүк бөлүмүндө үч айга жакын дарыланып келишкенин айтты. Анда аларга бир катар операциялар жасалды. Учурда бейтаптардын абалы туруктуу, бирок аларга реабилитация, андан кийин этаптуу реконструкциялоо операциялары талап кылынат. Жабыркагандар 4-февралда президенттик ТУ-154 учагы менен Түркияга учуп кетишкен. Жабыркагандарды Түркияга жеткирүү жана дарылоо үчүн каржылык каражаттар бөлүнгөн.
«Бишкекгаз» газ кызматы орто жана төмөнкү басымдагы газ өткөргүчтөрдө оңдоо иштерине байланыштуу борбордун бир катар көчөлөрү менен чектешкен райондорунда жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөрүн маалымдады. 13-14-майда Садырбаев, Масалиев, Абдрахманов, Бакаев көчөлөрүндө, 14-16-майда Манасчы Сагынбай, Ч.Валиханов, Загорский, Аламедин 1 кичи районунда, 15-17-майда Гагарин, Садырбаев, Термечиков көчөлөрү менен чектешкен райондордо жаратылыш газы өчөт.
Санкт-Петербургда дарыяга автобус кулап, жети адам көз жумду. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды. Транспортто жалпы 15 жүргүнчү жана айдоочу болгон. Басылма каза болгондордун арасынан үчөөнүн аты-жөнүн жарыялады. Алардын бирөө 29 жаштагы теги казакстандык Марина, экөө Петербургдун 42 жаштагы жашоочулары Елена менен 56 жаштагы Андрей. Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу рулду башкара албай калган, унаанын тормозу да иштебей калган болушу мүмкүн. Окуядан кийин РФтин Кылмыш-жаза кодексинин "Транспорт каражатын башкаруу эрежелерин бузуу менен байкабастыктан эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келүү" беренеси менен иш козголду.
Жаңылыктар түрмөгү
0