00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:54
6 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Знают ли кыргызстанцы свои права и как повысить юридическую грамотность в обществе?
08:05
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Өлкөдөгү адистерди даярдоо маселеси жана эмгек рыногундагы өзгөрүүлөр, суроо-талаптар
09:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Максимальный репост
«Манас» в XXI веке: как эпос сохраняет свою актуальность и чему может научить нас сегодня?
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Депозиттерди коргоо фондунун суммасы 7 млрд. сомдон ашты — дедолларизация, финансылык сабаттуулук
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Контроль и эффективность: как работают механизмы исполнения решений в Кыргызстане
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Өлкөдөгү адистерди даярдоо маселеси жана эмгек рыногундагы өзгөрүүлөр, суроо-талаптар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Эхинококкоз, альвеококкоз оорулары көбөйүп, генофондго коркунуч жаратууда
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
0 мин
Структура личности
Современная поэзия – почему стихи актуальны в любую эпоху
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
“Экинчилердин биринчисиби?” Түркиянын экономикасы
17:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Мониторинг бизнеса: защита потребителей или новая волна проверок?
18:07
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
4-декабрь, "Манас" күнү. Эпосту жайылтууда кандай илимий иштер жүрүүдө?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Между строк
Волшебный мир книг: как литература помогает детям расти
20:06
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Эхинококкоз, альвеококкоз оорулары көбөйүп, генофондго коркунуч жаратууда
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров айрым мыйзамдарга ("Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө") өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди. Ал Жогорку Кеңеш тарабынан 3-апрелде кабыл алынган. Мыйзамдын максаты пенсия чектөөдө адилеттүү шарттарды камсыздоо, заман талабына ылайыкташтыруу, бул багыттагы кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу болуп саналат.Мыйзам 2-беренесинин 2, 3,4, 7-пункттарын, 8-пунктунун "а" пунктчасын, 12-пунктун кошпогондо 1-июлдан тартып күчүнө кирет. Ал эми аталган пунктары расмий жарыялангандан бир жылдан кийин иштеп баштайт.
Бишкекте наркы 10 миллион сомго бааланган үч гектар муниципалдык жер тилкеси жеке менчикке өтүп кеткени аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. Атайын кызмат шектүү катары А.М.Т. аттуу кишини кармады. Ал маркум кримтөбөл Рыспек Акматбаевдин тууганы экени айтылууда. "Аталган жаран ири суммага бааланган мамлекеттин жерин мыйзамсыз жеке менчикке чыгарууга көмөктөшкөндөн сырткары, жердин 3 миллион сомдон ашык ижара акысын кем баалап, төлөгөн эмес. Ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун колдоосу менен С.Э. аттуу жаранды коркутуп, мүлкүн жана биргелешкен бизнестеги үлүшүн ээлеп алган", - деп айтылат маалыматта. Шектүү "караларга" жана туугандык байланыштарына таянып иш кылганы айтылат.
Грек-рим күрөшүнүн балбаны Үзүр Жузупбеков Парижде өтө турчу Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Спортчу Стамбулда болгон дүйнөлүк квалификациялык турнирге катышкан. Үзүр килемде 97 килограмм салмакта беттешип, кармашты 1/16 баскычынан баштаган. Алгач болгариялык балбанды жеңип, кийин финляндиялыкка утулуп калган. Бирок атаандашы финалга чыккандыгына байланыштуу көңүл жубатуучу беттеш өткөргөнгө мүмкүнчүлүк алган. Анда биринчи күрөшүндө хорватиялык спортчуну мөөнөтүнөн мурда жеңип, кийин япониялык балбанды 8:0 эсебинде артта калтырган. Ал эми Олимпиадага жолдомо үчүн беттеште германиялык спортчуну 8:6 эсеби менен жеңген. Ушуну менен Олимпиада оюндарына лицензия алган кыргызстандыктардан саны 10 болду. Анын дээрлик көпчүлүгү балбандар.
Россиянын президенти Владимир Путин Михаил Мишустинди премьер-министрликке дайындады. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Маалыматка ылайык, 10-майда Мишустиндин талапкерлиги Мамлекеттик Думанын кароосуна киргизилген. Парламенттин төмөнкү палатасы жалпы жыйынында Мишустинди премьер-министрликке бекитүү боюнча токтом долбоорун кабыл алып, өлкө президентине жөнөткөн. Эми министрлер кабинетинин төрагасы Путинге бир жуманын ичинде аткаруу бийлигинин түзүмү боюнча сунуштарды, ал эми эки жуманын ичинде вице-премьерликке жана министрлерге талапкерлерди Мамлекеттик Думанын бекитүүсүнө (күч структураларынын башчылары жана ТИМди кошпогондо) бериши керек. Парламенттин төмөнкү палатасы чечимди бир жумадан кечиктирбестен кабыл алат. Ведомствонун спикери Вячеслав Володин 13-майда депутаттар вице-премьер-министрликке, 14-майда министрлике талапкерлер караларын белгиледи. Андан тышкары, бардык дайындоолор президент тарабынан бекитилиши керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0