Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Саясатчы Адахан Мадумаров камактан бошотулду. Адвокат Кубанычбек Тумановдун айтымында, ага чыкан өкүмү күчүнө кирип, ага ылайык саясатчы бошотулушу керек. Мадумаров соттун өкүмүнө даттаанарын билдирди. Буга чейин Биринчи Май райондук соту Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексинин 209 ("Алдамчылык") жана 338инчи ("Бийликтен аша чабуу") беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жазадан бошотулган. Ошол эле учурда саясатчы өкүм күчүнө киргенге чейин камакта калтырылган. Мадумаров былтыр сентябрда кармалган. Анда эл өкүлү мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталган болчу. Анткен менен чоо-жайы ачыкталбай келет. Бирок өзүнүн айтымында, анын кармалышы кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу Төрт-Көчө тилкесине байланыштуу. 2009-жылы Мадумаров Коопсуздук кеңештин катчысы болуп турганда Кыргызстан аталган жерди тажик тараптан 49 жылга ижарага алуусу каралган протоколго кол койгону айтылып келет. Кыргызстан бул документти тааныган эмес.
Азербайжан 2025-жылдан тарта окуу жайларында бакалавриат программасы боюнча билим ала турган кыргызстандыктарга беш квота бөлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Мындай макулдашуу президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кол койгон "Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Азербайжан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу" долбоорунун негизинде кабыл алынды. Ага ылайык, кыргызстандык студенттерге акысыз билим берилип, стипендия төлөнөт. Мындан сырткары, медициналык тейлөө, окуунун тиешелүү шарттары каралат. Министрлик ошондой эле Баку мамлекеттик университети менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлгандыгын билдирди. Анын алкагында эки окуу жай билим берүү, илимий жана маданий тармактарда тажрыйба менен, окутуучулар жана студенттер менен алмашат.
Салык органдары декларация кабыл алуу үчүн 25-апрелден тартып түнгө чейин иштей баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган органдын кызматкерлери декларацияларды күн сайын (дем алышсыз) саат 09:00дөн саат 00:00гө чейин кабыл алат. Мекеме жеке жактар декларацияны онлайн-режимде "салык төлөөчүнүн кабинети" аркылуу же кагаз түрүндө жергиликтүү салык органына барып тапшырса болорун белгилеген. Жеке ишкерлер электрондук түрдө гана бериши керек.
Азербайжанда "Кыргызстандын маданият күндөрү" өтүп жатканын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинен билдиришти. Ачылышка эки өлкөнүн маданият министрлери, интеллигенция өкүлдөрү, Кыргызстандын жана Азербайжандын маданият жана искусство чеберлери, Баку шаарында жашаган мекендештер катышты. Маданият күндөрүнө Улуттук "Манас" театрынын төкмө акындары, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын жана Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын солисттери, Чоро Кожомжаров атындагы эстрадалык-симфониялык оркестр, Нурдин Түгөлов атындагы Кыргыз Мамлекеттик "Ак- Марал" бий ансамбли, Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын өкүлдөрү, "Мурас" фольклордук- этнографиялык ансамбли концерттик программасын тартуулашты.
Жаңылыктар түрмөгү
0