00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:14
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
18 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:18
49 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды көчөт отургузууга чакырды. Бул тууралуу мамлекет башчысы социалдык тармактагы баракчасына жазды. "Бишкек шаарыбыздын Горький көчөсүндө жайгашкан Э.Гареев атындагы бакты шаардын тургундары үчүн эс алуучу сейил бак кылып ачтык. Келип бала-чакаңыздар менен эс алып кетип турсаңыздар болот. Бардык шарттар түзүлгөн. Көчөттөр менен гүлдөрдүн түрлөрү сатылат. Каалаган көчөттөрдү сатып алсаңыздар болот. “Жашыл мурас” аттуу демилгемди колдоп, ар жылы жаз айларында көчөт олтургузуңуздар. Жашыл өлкөгө айланалы", - деген өлкө башчысы.
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жусупов мандатын тапшыруу боюнча БШКга арыз берди. Маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясы тастыктап, арыз кечээ жазылганын билдирди. Жусуповдун чечиминин себеби айтылган жок. Ал депутатыкка 2021-жылы "Ишеним" партиясынан шайланып келген.
Теги кыргызстандык космонавт Сергей Корсаков Ысык-Көл облусуна барды. Россиянын баатыры "Билим Ордо" мектеп-комплексинин Алыкул Осмонов атындагы гимназиясында болду. Жолугушууга Чолпон-Ата шаарынын мэри Азамат Турдубеков жана мектеп директору Гүлнара Абдыкадырова да катышты. Корсаков жолугушууда окуучулардын суроолоруна жооп берди. Мектептин жамааты космонавтка Ысык-Көл жээгинен алынган кум менен колдо жасалган саатты белек кылса, мэрия эстеликке статуэтка берди. Буга чейин космонавт "Кант" авиабазасына да барган. Корсаков Кыргызстанга Юрий Гагариндин 90 жылдыгына карата өткөрүлгөн илимий-агартуучулук эл аралык фестивалдын алкагында келген. Иш-чараны Роскосмос, "Уникалдуу дүйнө" атомдук коммерциялык эмес уюму жана башка бир катар өнөктөштөрү уюштурууда.
Украинанын Жогорку Радасынын Гуманитардык жана маалыматтык саясат боюнча комитетинин башчысы Никита Потураев бийликке зарыл болгон ыйгарым укуктарды берүүнү шарттаган аскердик цензура киргизүүнү сунуштаган. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды. Анын айтымында, мындай укуктар Аймактык толуктоо борборунун ишиндеги коррупция, анын ичинде бул мекеменин кызматкерлери элди көчөдөн кармап кетип эле даярдыксыз фронтко жөнөтүп жатканы жөнүндө жазып жүргөн адамдарды издеп табуу үчүн керек. Депутат мындай маалыматтар мамлекеттик түзүмдөрдүн иш алып баруусуна шек жаратып жатат деп белгилеген. Буга чейин Украинанын Коргоо министрлигинин Чалгындоо башкы башкармалыгынын өкүлү Андрей Юсов Telegram платформасын өлкө коопсуздугу үчүн коркунучтуу деп атаган. Жогорку Раданын Сөз эркиндиги боюнча комитетинин төрагасы Ярослав Юрчишин тыюу жана бөгөт коюулар бийлик такыр аргасыз болгондо гана колдончу акыркы ыкмалар экенин билдирген. Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин алдындагы Жалган маалыматтарга каршы туруу борбору март айында Telegram тармагында калп маалыматтарды таратат деген 355 ресурстун тизмесин түзгөн. Анын ичинде Россия ЖМКлары — РИА Новости, ТАСС, "RT на русском", "Комсомольская правда", "Украина.ру" да бар. Аталган тизмеге украиналык блогер Анатолий Шарий да кирип калган.///ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 89 сом 1 тыйынга 1 евро 94 сом 77 тыйынга 1 рубль 94 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 62 сом 50 тыйындан баштап, 63 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 70 сом 70 тыйындан, дизель майы 72 сом 80 тыйындан, ал эми унаа газынын литри 32 сом 70 тыйындан сатылууда.
АБА ЫРАЙЫ22-апрелге караган түнү Ош, Жалал-Абад, Нарын облусунун айрым жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Дүйшөмбү күнү Чүй, Ысык-Көл өрөөнүнүн айрым, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын регионунун көпчүлүк жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында +22...+27, Талас менен Баткен өрөөндөрүндө +21...+26, Ысык-Көлдө +15...+20, Нарын жергесинде +17...+22 градус жылуу болот. Бул күнү Ош калаасында жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Күндүн табы Бишкекте +23...+25, Ошто +24...+26 градуска жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0