00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Будь в курсе
Антикоррупция как навык: в Кыргызстане начали готовить новое поколение чиновников
08:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сан-АКШнын Франциско шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында бир катар технологиялык корпорациялардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү. Министрлер кабинетинин башчысы графикалык процессорлор, жасалма интеллект системалары жана эсептөө технологиялары тармагында адистешкен Nvidia корпорациясынын башкы кеңсесинде болду. Компаниянын эсептөө системалары жана графикалык карталар боюнча вице-президенти Йогеш Агравал жасалма интеллект тармагындагы учурдагы тенденциялар жана перспективалар, ошондой эле түрдүү өлкөлөр менен кызматташуу форматтары тууралуу айтып берип, Кыргызстан менен кызматташууга даяр экендигин билдирди. Акылбек Жапаров Nvidia суперкомпьютеринин жардамы менен бир жыл ичинде кыргыз тилинин тил модели кандайча иштелип чыкканын айтып берди. Корпорациянын вице-президентти өз кезегинде кыргыз тилиндеги жасалма интеллектти өнүктүрүү боюнча демилгелерди кубаттап, бул багытта мындан аркы ийгиликтерди жана Кыргызстанда IT тармагын өнүктүрүүнү каалады. Тараптар мындан ары да жемиштүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана IT тармагындагы демилгелерди колдоого даяр экендиктерин билдиришти.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев райондордун акимдери менен муниципалдык кызматтардын жетекчилерине саат 6:00дөн 23:00гө чейин иштөөнү тапшырды. Мекемеден калаа башчысы акимдер, муниципалдык инспекциянын жана тиешелүү шаардык кызматтардын жетекчилери менен жыйын өткөргөнүн кабарлашты. Жунушалиев аларга борбор калааны кыдырып, бардык маселелер менен ошол жерде таанышып, белгиленген тартипте чараларды көрүү тапшырмасын койгон. "Иш күндөрү менин катышуумда эки жолу — таңкы саат 6:00дөн 8:30га чейин жана 21:00дөн 23:00гө чейин кыдырып текшерүү графигин түзүүнү суранам. Биз кеңселерде отурбашыбыз керек", — деген Жунушалиев. Мэр көзөмөл жүргүзүүдө жолдордун абалы, автоунаалар туура эмес токтотулган жайлар, жашыл аймактар, имараттардын фасадынын көрүнүшү приоритетте болорун кошумчалаган. Мындан тышкары, район акимдерине муниципалдык инспекция менен бирдикте чарба жүргүзүүчү субъектилердин ээлерине жанаша жайгашкан аймактарда, өзгөчө жашыл аймактарда тазадыкты, тартипти калыбына келтирүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырган.
Ош мамлекеттик университети Хэнань провинциясынын жүрөк кан тамыр оруулары клиникасы менен кызматташат. Бул тууралуу ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган делегациянын Хэнань провинциясынын жүрөк кан тамыр оруулары клиникасына болгон сапары учурунда сүйлөшүлдү. Тараптар менен болгон жолугушууда ОшМУнун медициналык клиникасында эки тараптын адистери биргеликте жүрөк кан тамыр ооруларына операцияларды жасоо сунуштары айтылды. Андан сырткары, ОшМУнун дарыгер адистерин аталган клиникага тажрыйба алмашууга жөнөтүү макулдашылды. Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап жакын арада перспективалуу багыттарды аныктап, келишим түзүүнү пландашты.
Көк-бөрү федерациясынын маалыматына ылайык, көк бөрү бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук программасына киргизилди. Маселе Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин жакында Астанада өткөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында чечилди. Буга чейин Көчмөндөр оюндарынын уюштуруучулары көк-бөрү менен кыргыз күрөшүн расмий спорттук программага киргизген эмес. Оюндар көргөзмө сынактардын тизмесине киргизилген. Белгилей кетсек, бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрдан 14-сентябрга чейин Астанада өтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0