00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:14
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
18 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:18
49 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Боом капчыгайында беш күн таш кулатылып, унаалардын жүрүшү чектелет. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара автомобиль жана поезддин коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө. "22-апрелден 26-апрелге чейин Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында кооптуу таштар атайылап түшүрүлөт. Иш Боом капчыгайында саат 9:00дөн 15:00гө чейин уланат. Бул учурда унаалар бир тилке менен жүрөт", — деп айтылат маалыматта. Ишкана айдоочулардан каттамды алдын ала пландап алууну суранды.
Борбор калаада ысык суу 22-апрелден тарта өчүрүлөрүн мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев 18-апрелде кол койгон. "Жылуулук жабдууларын, тармактарын, отканаларды, жылуулук керектөө тутумун 2024-2025-жылдын от жагуу мезгилин сапаттуу жана өз убагында даярдоо максатында 22-апрелден 1-июнга чейин ысык суу өчүрүлөт", — деп айтылат маалыматта. Берилген кабарга таянып эсептесек, Бишкекте ысык суу 40 күнгө чукул жок болот. Борбор калаада ысык суу жыл сайын профилактикалык жана оңдоо жумуштарын жасоо үчүн убактылуу өчүрүлүп келет.
"Бишкек газ", "Чүй газ", "Ош газ" жана "Жалал-Абад газ" кызматтары 20-апрелден тарта карызы көбөйүп кеткен абоненттерге газ берүү токтотуларын эскертти. Бул тууралуу "Газпром" ишканасынын маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, газ аралыктан өчүрүлөт. "Күз-кыш мезгилдеринде абоненттерди түшүнүп, газ берүү токтотулган эмес. Карызы барларга газдын акысын төлөө, келишимдик милдеттенмелерди өз убагында аткаруу эскертилген. Газ менен иштеген кызматтар абоненттерден карызды жакын аранын ичинде төлөп бүтүрүүнү суранууда", — деп жазылат маалыматта.
Бишкекте эркин күрөш боюнча Азиянын лицензиялык турнири башталды. Мелдеш үч күн бою эркин, кыз-келиндер жана грек-рим күрөшү боюнча өтөт. Париждеги Олимпиада оюндарына 36 лицензия ойнотулуп, финалга чыккан спортчуларга гана берилет. Бүгүн эркектер арасында эркин күрөш боюнча 12 лицензия ойнотулат. 20-апрелде аялдар арасында, 21-апрелде грек-рим боюнча өтөт. Жайкы Олимпиада оюндары Франциянын борборунда 26-июлдан 11-августка чейин уланат.
Израиль Ирандагы бир катар объектилерге ракета менен чабуул жасаганын РИА Новости ABC News телеканалына таянып билдирди. Иран ЖМКлары Исфахан шаарынын аэропортунун аймагында бир нече жарылуулар болгондугун билдирген. Fars агенттигинин маалыматына караганда, аба майдандын жанынан жана Ирандын Аскер-аба күчтөрүнүн базасында жарылуунун үнү угулуп, Абадан коргонуу системалары иштеген. Тегеран, Исфахан жана Шираз шаарларынан авиакаттамдар белгисиз мөөнөткө токтотулду. Ал арада Bloomberg агенттиги кырдаалдан кабардар болгон маалымат булактарга таянып, Израиль жума күнү АКШ өкмөтүнө Иранга 24-48 саат аралыгында жооп катары чабуул кыларын билдиргенин жазды. Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу 2024-жылдын 14-апрелине караган түнү Израилдин аймагына контрчабуул жасаган. Бул Тегерандын Израилдин учактар
Жаңылыктар түрмөгү
0