35 градуска чейин ысыйт. Май айына карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте ысыкта эл аялдамада коомдук транспортту күтүүдө. Архив
Бишкекте ысыкта эл аялдамада коомдук транспортту күтүүдө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2024
Жазылуу
Жаан-чачындын айлык көлөмү көпчүлүк райондордо нормага жакын, тоо этектериндеги аймактарда нормадан жогору болушу күтүлөт.
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги жаздын соңку айына, тагыраагы, майга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
© Фото / пресс-служба КыргызгидрометБилдирмеге караганда, өлкө боюнча абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5 градус жогору болот
Погода по Кыргызстану на май 2024 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2024
Билдирмеге караганда, өлкө боюнча абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5 градус жогору болот
Билдирмеге караганда, өлкө боюнча абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5 градус жогору болот. Ал эми жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын, тоо этектериндеги райондордо нормадан жогору болушу күтүлөт.
© Фото / пресс-служба КыргызгидрометАл эми жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын, тоо этектериндеги райондордо нормадан жогору болушу күтүлөт
Погода по Кыргызстану на май 2024 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2024
Ал эми жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын, тоо этектериндеги райондордо нормадан жогору болушу күтүлөт

Чүй облусу

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 7...12ден 14…19 градуска чейин жылып, күндүз 20…25тен 30…35 градуска чейин ысышы мүмкүн. Кемин өрөөнүндө жана тоо этектеринде түнкүсүн 3…8ден 9…14 градуска чейин жылыса, күндүз 14…19дан 24…29 градуска чейин чейин ысыйт.

Талас облусу

Абанын айлык температурасы түнкүсүн 4…9 градустан 11…16 градуска чейин, күндүз 18…23 градустан 28…33 градуска чейин өзгөрүп турат.

Ош облусу

Ай ичинде жылуулук түнкүсүн 10…15 градустан 16…21 градуска чейин жетиши ыктымал. Күндүз күндүн табы 20…25тен 30…35 градуска чейин чыгат. Тоо этектеринде түнкүсүн 5…10 градустан 12…17 градуска чейин, күндүз 18…23 градустан 28…33 градуска чейин ысыйт.
Үстүн жаап коеюн десем жолдошум эбак өтүп кетиптир. Абактагы келиндин маеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2024
Үстүн жаап коеюн десем жолдошум эбак өтүп кетиптир. Абактагы келиндин маеги

Жалал-Абад облусу

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 10…15 градустан 16…21 градуска чейин, күндүз 20…25 градустан 30…35 градуска чейин жетип турат. Термометрдин көрсөткүчү тоо этектеринде түнкүсүн 5…10 градустан 12…17 градуска жетсе, күндүз 18…23төн 28…33 градуска чейин чыгат. Токтогул районунда ай ичинде түнкүсүн 6…11 градустан 12…17ге чейин, күндүз 20…25тен 28…33 градуска чейин болушу мүмкүн.

Баткен облусу

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 10…15 градустан 16…21 градуска чейин жетип, күндүз 20…25 градустан 30…35ке чейин өзгөрүлүп турат. Тоо этектеринде түнкүсүн 5…10 градустан 12…17 градуска чейин болсо, күндүз 18…23 градустан 28…33 градуска чейин барат.

Ысык-Көл облусу

Абанын температурасы ай ичинде түнкүсүн 1…6 градустан 8…13 градуска чейин жылып, күндүз 12…17 градустан 22…27 градуска чейин жетиши ыктымал.

Нарын облусу

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6 градус жылуулуктан 8…13 градуска чейин, күндүз 12…17 градус жылуулуктан 22…27ге чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Участие президента Садыра Жапарова в айт-намазе по случаю священного праздника Орозо айт в центральной мечети имени имама Сарахси в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2024
Орозо айттын шаңы. Кыргызстан жана башка өлкөлөрдөгү майрамдан 15 сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0