https://sputnik.kg/20240410/ajt-namaz-orozo-ajt-majram-musulman-1084128165.html
Орозо айттын шаңы. Кыргызстан жана башка өлкөлөрдөгү майрамдан 15 сүрөт
Орозо айттын шаңы. Кыргызстан жана башка өлкөлөрдөгү майрамдан 15 сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Бул майрамды көпчүлүк мусулмандар эртең мененки Айт намазын эл менен чогуу окуудан башташат. 10.04.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-04-10T18:56+0600
2024-04-10T18:56+0600
2024-04-10T18:59+0600
дүйнөдө
кыргызстан
айт намаз
орозо айт
майрам
мусулман
сүрөт түрмөк
https://sputnik.kg/img/07e8/04/0a/1084110515_87:0:3728:2048_1920x0_80_0_0_138a080c8baba79be543311350096b49.jpg
Бүгүн дүйнөдөгү бардык мусулман өлкөлөрү Орозо айт майрамын белгилешүүдө.Быйыл Кыргызстанда Айт намазы борбордук аянттарда эмес, мечиттерде окулду. Муфтият мындай чечим дүйнөдө болуп жаткан кырдаал менен байланыштуу экендигин билдирген. Өлкө башчысы Садыр Жапаров жана башка бийлик өкүлдөрү борбордук мечитке барып, келгендер менен чогуу намаз окушту. 30 күндүк орозодон кийин келген Айт — мусулмандар үчүн негизи майрамдардын бири. Бул күнү алыскы-жакынкы туугандардан кабар алып, дүйнөдөн өтүп кеткен адамдарга куран түшүрүп, бири-биринин эски таарынычтарын кечиришет. Майрам орозо аяктагандын эртеси белгиленет.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/04/0a/1084110515_542:0:3273:2048_1920x0_80_0_0_9e5ba58f632382ea69190ca4d86dc143.jpg Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, кыргызстан, айт намаз, орозо айт, майрам, мусулман, сүрөт түрмөк, фото
дүйнөдө, кыргызстан, айт намаз, орозо айт, майрам, мусулман, сүрөт түрмөк, фото
Орозо айттын шаңы. Кыргызстан жана башка өлкөлөрдөгү майрамдан 15 сүрөт 18:56 10.04.2024 (Жаңыртылды: 18:59 10.04.2024 )
Бул майрамды көпчүлүк мусулмандар эртең мененки Айт намазын эл менен чогуу окуудан башташат.
Бүгүн дүйнөдөгү бардык мусулман өлкөлөрү Орозо айт майрамын белгилешүүдө.
Быйыл Кыргызстанда Айт намазы борбордук аянттарда эмес, мечиттерде окулду. Муфтият мындай чечим дүйнөдө болуп жаткан кырдаал менен
байланыштуу экендигин билдирген .
Өлкө башчысы Садыр Жапаров жана башка бийлик өкүлдөрү борбордук мечитке барып, келгендер менен чогуу
намаз окушту .
30 күндүк орозодон кийин келген Айт — мусулмандар үчүн негизи майрамдардын бири. Бул күнү алыскы-жакынкы туугандардан кабар алып, дүйнөдөн өтүп кеткен адамдарга куран түшүрүп, бири-биринин эски таарынычтарын кечиришет. Майрам орозо аяктагандын эртеси белгиленет.
© AFP / AHMAD AL-RUBAYE Багдаддагы Абдул Кадир аль-Килани мечитиндеги мусулмандар
Багдаддагы Абдул Кадир аль-Килани мечитиндеги мусулмандар
Бишкектин борбордук мечитинде майрамдык Айт намаз Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана жогорку бийлик өкүлдөрү менен биргеликте окулду
© AFP / MOHAMMED HUWAIS Орозо айт араб өлкөлөрүндө Ид-аль-Фитр деп айтылып, мааниси ооз ачуу, орозону аяктоо дегенди билдирет
Сүрөттө Йемендин борбору Сана шаарындагы жашоочулардын эртең мененки сыйынуусу
Орозо айт араб өлкөлөрүндө Ид-аль-Фитр деп айтылып, мааниси ооз ачуу, орозону аяктоо дегенди билдирет
Сүрөттө Йемендин борбору Сана шаарындагы жашоочулардын эртең мененки сыйынуусу
Бишкекте Айт намазын имам Сарахси атындагы борбордук мечитте муфтий Абдулазиз Закиров окуду
© AP Photo / Vahid Salemi Орозо айт орозо аяктаган күндүн эртеси белгиленет
Сүрөттө Тегерандагы мусулмандардын Ид аль-Фитр окуу учуру көрсөтүлгөн
Орозо айт орозо аяктаган күндүн эртеси белгиленет
Сүрөттө Тегерандагы мусулмандардын Ид аль-Фитр окуу учуру көрсөтүлгөн
© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүү Бул күнү майрам эл менен биргеликте Айт намазын окуу менен башталат
Симферополь шаарындагы Собор мечитинде мусулмандар кудайга сыйынуу алдында отурушат
Бул күнү майрам эл менен биргеликте Айт намазын окуу менен башталат
Симферополь шаарындагы Собор мечитинде мусулмандар кудайга сыйынуу алдында отурушат
Москвадагы Собор мечитинде Айт намазын окуган мусулмандар сүрөттө
© AP Photo / K.M. Chaudary Орозо Айт майрамындагы сыйынуулар күндүн чыгышы менен башталат
Сүрөттө: Пакистандын Лахор шаарындагы Бадшахи тарыхый мечитинде Айт намазын окуган кыздар, алар сыйынуу алдында колдорун боёшкон
Орозо Айт майрамындагы сыйынуулар күндүн чыгышы менен башталат
Сүрөттө: Пакистандын Лахор шаарындагы Бадшахи тарыхый мечитинде Айт намазын окуган кыздар, алар сыйынуу алдында колдорун боёшкон
© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүү Айт намаздан кийин орозо кармаган мусулмандардын баарынын орозосу аяктап, тамактанууга тыюу токтотулат
Москвадагы мечитте кудайга сыйынуу учуру сүрөттө
Айт намаздан кийин орозо кармаган мусулмандардын баарынын орозосу аяктап, тамактанууга тыюу токтотулат
Москвадагы мечитте кудайга сыйынуу учуру сүрөттө
© AP Photo / Mahmoud Illean Палестиналыктар сыйынуу үчүн Иерусалимдеги Аска Куполу храмынын аймагына топтолуп жаткан кездеги сүрөт
Палестиналыктар сыйынуу үчүн Иерусалимдеги Аска Куполу храмынын аймагына топтолуп жаткан кездеги сүрөт
© AFP Бул күнү мусулмандар бири-биринин үйүнө конокко барып, дасторкон жайып, белектерин тартуулашат
Сүрөттө Газа секторунун борборундагы Дейр-эль-Балахе базарында таттуу саткандар
Бул күнү мусулмандар бири-биринин үйүнө конокко барып, дасторкон жайып, белектерин тартуулашат
Сүрөттө Газа секторунун борборундагы Дейр-эль-Балахе базарында таттуу саткандар
© AFP / MOHAMMED HUWAIS Йемендиктер Орозо айынын бүтүшүнүн урматына окулчу Айт намазы учурунда
Йемендиктер Орозо айынын бүтүшүнүн урматына окулчу Айт намазы учурунда
© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүү Мусулмандар Орозо айтка алдын ала даярданышат, үйдө нан-боорсок, дүйүм тамак-ашт даярдалат. Мындан тышкары, үй ичин тазалоого да маани беришет.
Симферополь шаарындагы Собор мечитиндеги мусулмандардын намазга жыгылган учуру
Мусулмандар Орозо айтка алдын ала даярданышат, үйдө нан-боорсок, дүйүм тамак-ашт даярдалат. Мындан тышкары, үй ичин тазалоого да маани беришет.
Симферополь шаарындагы Собор мечитиндеги мусулмандардын намазга жыгылган учуру
© AFP / KARIM JAAFAR Бул сүрөт Катардын Доха шаарында тартылган. Анда орозо кармаган мырзалар Сук Вакиф базарындагы мечиттин жанында ооз ачып отурушканы чагылдырылган.
Бул сүрөт Катардын Доха шаарында тартылган. Анда орозо кармаган мырзалар Сук Вакиф базарындагы мечиттин жанында ооз ачып отурушканы чагылдырылган.
© AFP / NOAH SEELAM Индиянын Хайдарабад шаарындагы Чарминар тарыхый эстелигинин алдындагы базарга топтолгон эл
Индиянын Хайдарабад шаарындагы Чарминар тарыхый эстелигинин алдындагы базарга топтолгон эл