Кыргызстанда быйыл "Жеңиш диктанты" 26-27-апрелде өтөт

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүү“Жеңиш диктанты-2023” акциясынын катышуучулары тарыхый диктант жазып жатышат. Архив
“Жеңиш диктанты-2023” акциясынын катышуучулары тарыхый диктант жазып жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2024
Жазылуу
Быйыл жооп камтылган бланктарды сканерлеп, акциянын борбордук штабына жөнөтүү зарылдыгы жок, себеби уюштуруучулар тесттерди жеринде текшерип, жеңүүчүлөрдү аныктайт.
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. "Жеңиш диктанты" эл аралык акциясы Кыргызстанда 26-27-апрелде өтөт. Бул тууралуу Россотрудничестводон билдиришти.
Маалыматка ылайык, быйыл аталган иш-чараны өткөрүү форматы өзгөртүлдү. Катталуу үчүн 10-апрелге чейин Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө арыз жөнөтүү зарыл.
"Быйылкы темалар Ленинграддын толук бошотулушунун 80 жылдыгы, советтик аскерлердин СССРдин чек арасына чыгышы, фронттогу жазуучулардын юбилейлери жана башка эсте каларлык даталар болот. Диктантта биринчи жолу кыргызстандыктардын Улуу Ата Мекендик согушка катышуусуна арналган суроолордун өзүнчө блогу киргизилген", — деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле жат жазуу жыйынтыкталары менен тесттин туура жоопторун билүүгө болору айтылып, жеңүүчүлөр 9-майга чейин жарыяланары белгиленген.
Жат жазууга бул сайт аркылуу даярданса болот.
"Жеңиш диктанты" — Улуу Ата Мекендик согуштун окуяларына арналган эл аралык жат жазуу. Жат жазуунун аянтчасында Россиянын Бишкек, Ош шаарларындагы илим жана маданият борборлору, мектептер, университеттер, китепканалар жана башка окуу борборлору бар.
19 жашында амбразураны денеси менен жапкан Александр Матросовдун видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2024
19 жашында амбразураны денеси менен жапкан Александр Матросовдун видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0