Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Малабаев: 1924-жыл — кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралуу учуру

© Sputnik / Асель АкматТарых илимдеринин кандидаты, тарыхчы, педагог Саламат Малабаев
Тарых илимдеринин кандидаты, тарыхчы, педагог Саламат Малабаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2024
Жазылуу
Тарых илимдеринин кандидаты, тарыхчы, педагог Саламат Малабаев Кара-Кыргыз автономиялуу облусу кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалы деп эсептейт.
1917-жылы Улуу февраль, Улуу октябрь сыяктуу чоң революциялар башталды. Бийликке келген Владимир Ленин Совет өкмөтүнүн курамына кирген бардык элдер эркин жашайт деп ошондо эле айткан. Анын арты менен Латвия, Литва, Эстония жана Финляндия өздөрүнчө мамлекетке ээ болушкан. Бул тууралуу Саламат Малабаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Малабаев: 1924-жыл — кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралуу учуру
Анын айтымында, Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзөрдө казактарга кошулалы деген да саясатчылар болгон.
"Совет өкмөтү бийликке келген соң 1924-жылы Кыргыз АССРи түзүлгөн. Муну казактар түзгөн. Анын айынан большевиктер "кимиси кыргыз" деп түшүнбөгөн учурлар көп болгон. Бирок Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков жана башка кыргыздын эр-азаматтары 1921-жылдан тарта эле кыргыз мамлекетин түзүүгө аракет жасап жүрүшкөн. Алар "Тоолуу республика" түзөбүз дешкен. Ички күрөш, көрө албастыктын арты менен бул идея ишке ашпай калган. Ал аралыкта түркмөн, казак, өзбек улуттары мамлекеттерин түзүп башташат. Биздин эл каймактары кимге кошулабыз деген суроону көтөрүшөт. Бабаханов, Кудайкулов дегендер казактарга кошулалы дешкен. Түштүктү өзбектерге, түндүктү казактарга кошолу дегендер да чыккан. Ошондо Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов сыяктуу эл жүгүн көтөргөн инсандар Кара-Кыргыз деген ат менен түз эле РСФСРга кошулабыз, түндүк, түштүк кылып бир элди бөлбөйбүз деген ойду айтышкан. Ошентип 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлүп, азыркы Кыргыз Республикасынын территориясы аныкталган", — деди Малабаев.
Ал 1924-жылга чейин Ормон хан түндүк кыргыздарын бириктирип түптөгөн мамлекетти эске албаганда, түндүгү менен түштүгү бириккен кыргыз мамлекеттүүлүгү болбогонун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0