https://sputnik.kg/20240322/zhash-balany-porno-bizneske-tartkan-shektuu-karmaldy-1083638937.html
Бишкекте атайын сайтта иштеп, жаш баланы порнобизнеске тартууга шектүү кармалды
Бишкекте атайын сайтта иштеп, жаш баланы порнобизнеске тартууга шектүү кармалды
Sputnik Кыргызстан
Кылмыштын бетин ачууга Нидерланд жана Норвегия полициясы көмөктөшкөн. 22.03.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-03-22T10:58+0600
2024-03-22T10:58+0600
2024-03-23T10:48+0600
окуялар
милиция
кармоо
порнография
бизнес
бала
тартуу
видео
кыргызстан
https://sputnik.kg/img/07e6/07/0e/1066077914_0:158:3087:1894_1920x0_80_0_0_9999344aad2be08f51b7f1817b5f67a6.jpg
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Борбор калаада порнографиялык сайттарды иштетип, жаш баланы порнобизнеске тартууга шектелген жаран кармалды. Бул туурасында Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.Мындай кылмыштын бетин ачуу операциясы Интерполдун Улуттук борбордук бюросу менен биргеликте Нидерланд жана Норвегия полициясынын көмөгү менен жүргүзүлгөн.Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренесине ("Баланы порнобизнеске тартуу") ылайык кылмыш иши козголгон. Натыйжада 35 жаштагы Н.М.Т. аттуу жаран кармалды.Милициянын маалыматы боюнча, шектүүнүн жашаган жеринен техникалык жабдуулар, персоналдык компьютерлер жана ага тиешелүү тетиктер табылган. Бир компьютеринен балдар катышкан порнографиялык материалдарды камтыган файлдар да аныкталган.
https://sputnik.kg/20240320/mekendeshterin-karaktagan-kyrgyzstandyktar-1083578017.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/07/0e/1066077914_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_0ff0c316f0e072277beb4f6a529cdf1b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
окуялар, милиция, кармоо, порнография, бизнес, бала, тартуу, видео, кыргызстан
окуялар, милиция, кармоо, порнография, бизнес, бала, тартуу, видео, кыргызстан
Бишкекте атайын сайтта иштеп, жаш баланы порнобизнеске тартууга шектүү кармалды
10:58 22.03.2024 (Жаңыртылды: 10:48 23.03.2024) Кылмыштын бетин ачууга Нидерланд жана Норвегия полициясы көмөктөшкөн.
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Борбор калаада порнографиялык сайттарды иштетип, жаш баланы порнобизнеске тартууга шектелген жаран кармалды. Бул туурасында Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Мындай кылмыштын бетин ачуу операциясы Интерполдун Улуттук борбордук бюросу менен биргеликте Нидерланд жана Норвегия полициясынын көмөгү менен жүргүзүлгөн.
"Балдардын сексуалдык зомбулуктарын камтыган материалдарды сактоо жана жайылтуу фактылары ачык түрдө веб-сайтта жана даркнетте аныкталган. Ошондой эле балдар катышкан порнографиялык мазмундагы сайттар түзүлүп, таратылып жаткан. Сайттарга кирүү үчүн криптовалюта менен төлөп, накталай акча алуу Кыргызстандын жарандарынын катышуусу менен ишке ашып турган", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренесине ("Баланы порнобизнеске тартуу") ылайык кылмыш иши козголгон. Натыйжада 35 жаштагы Н.М.Т. аттуу жаран кармалды.
Милициянын маалыматы боюнча, шектүүнүн жашаган жеринен техникалык жабдуулар, персоналдык компьютерлер жана ага тиешелүү тетиктер табылган. Бир компьютеринен балдар катышкан порнографиялык материалдарды камтыган файлдар да аныкталган.