https://sputnik.kg/20240310/ukrainany-kalybyna-keltiruugo-kancha-akcha-ketet-1083300202.html
Украинаны калыбына келтирүүгө канча каражат кетери айтылды
Украинаны калыбына келтирүүгө канча каражат кетери айтылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Украинаны калыбына келтирүүгө бир триллион доллардан ашык каражат керектелет. Бул тууралуу Европа инвестициялык банкынын маалыматына... 10.03.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-03-10T15:06+0600
2024-03-10T15:06+0600
2024-03-10T15:06+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
украина
кайра калыбына келтирүү
акча
каражат
атайын операция
акш
жардам
көпүрө
https://sputnik.kg/img/07e8/03/0a/1083298308_0:200:3072:1928_1920x0_80_0_0_b899e0755fb73cddac4fedaa5f263712.jpg.webp
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Украинаны калыбына келтирүүгө бир триллион доллардан ашык каражат керектелет. Бул тууралуу Европа инвестициялык банкынын маалыматына таянып Bloomberg жазды.Материалда согуш талаасындагы окуялар жаңжалдын бүтөрүнөн эч кабар бербей, "ийгиликсиз кадамдар Киевдеги жалпы маанайга терс таасир берип жатканына" карабай өлкө аймагында компаниялар барган сайын көбөйүп жатканы айтылат. Авторлордун айтымында, ишкерлер чыр-чатак соңуна чыккан соң ири инвестициялык мүмкүнчүлүктөр ачылат деген бекем ишенимде.Bloomberg инфляцияны эсепке алганда аталган сумма АКШнын "Маршалл планынын" (Американын Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин европалык мамелкеттерге көрсөткөн жардамы) алкагында бөлгөн акчасынан беш эсе көп экенин жазды."Түзүлө турган келишимдердин көбү америкалык жана европалык компанияларга туура келчүдөй. Анткен менен Түркия алдыда баратат", — деп кошумчалаган агенттик.Макалада келтирилген маалыматтарга ылайык, түрк компаниялары көпүрө, жолдорду калыбына келтирип, энергетикалык генераторлорду, мобилдик госпиталдарды жеткирүүдө. Мындай аракеттин артында "ири келишимдер үчүн атаандаштык курчуганда артыкчылыкка ээ болуу" максаты турат.Ал эми австриялык жана немецтик компаниялар инфраструктура менен коргоо ишканаларын калыбына келтирүүнү көздөп жатат. Ал арада Дания Украинанын Николаев шаарында кеме куруу тармагын жандантууга 130 миллион доллар бөлгөнү айтылды.Европа инвестициялык банкынын башчысы Вернер Хойер 2022-жылдын май айында Украинаны калыбына келтирүү үчүн "Маршалл планын" каржылоого бир нече триллион доллар керектелерин билдирген эле. Ал эми Германия канцлери Олаф Шольц ошол эле жылдын августунда Украинаны калыбына келтирүү "Маршаллдын планына" караганда алда канча масштабдуу болорун, буга миллиарддаган каражат жумшаларын айткан болчу.
https://sputnik.kg/20240214/ebdin-kievge-finansylyk-zhardamy-ebegeysiz-bolgonun-aytyshuuda-1082688834.html
украина
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/03/0a/1083298308_103:0:2834:2048_1920x0_80_0_0_aae2c4c20b7fb796e361db1e86ac109e.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, кайра калыбына келтирүү, акча, каражат, атайын операция, акш, жардам, көпүрө, жол, инфраструктура
дүйнөдө, украина, кайра калыбына келтирүү, акча, каражат, атайын операция, акш, жардам, көпүрө, жол, инфраструктура
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Украинаны калыбына келтирүүгө бир триллион доллардан ашык каражат керектелет. Бул тууралуу Европа инвестициялык банкынын маалыматына таянып
Bloomberg жазды.
Материалда согуш талаасындагы окуялар жаңжалдын бүтөрүнөн эч кабар бербей, "ийгиликсиз кадамдар Киевдеги жалпы маанайга терс таасир берип жатканына" карабай өлкө аймагында компаниялар барган сайын көбөйүп жатканы айтылат. Авторлордун айтымында, ишкерлер чыр-чатак соңуна чыккан соң ири инвестициялык мүмкүнчүлүктөр ачылат деген бекем ишенимде.
"Өкмөттөр, компания жетекчилери, инвесторлор өлкөнүн калыбына келчү учурун күтүп жатышат. Европа инвестициялык банкынын эсеби боюнча, буга бир триллион доллардан ашуун каражат керектелет", — деп жазылат макалада.
Bloomberg инфляцияны эсепке алганда аталган сумма АКШнын "Маршалл планынын" (Американын Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин европалык мамелкеттерге көрсөткөн жардамы) алкагында бөлгөн акчасынан беш эсе көп экенин жазды.
"Түзүлө турган келишимдердин көбү америкалык жана европалык компанияларга туура келчүдөй. Анткен менен Түркия алдыда баратат", — деп кошумчалаган агенттик.
Макалада келтирилген маалыматтарга ылайык, түрк компаниялары көпүрө, жолдорду калыбына келтирип, энергетикалык генераторлорду, мобилдик госпиталдарды жеткирүүдө. Мындай аракеттин артында "ири келишимдер үчүн атаандаштык курчуганда артыкчылыкка ээ болуу" максаты турат.
Ал эми австриялык жана немецтик компаниялар инфраструктура менен коргоо ишканаларын калыбына келтирүүнү көздөп жатат. Ал арада Дания Украинанын Николаев шаарында кеме куруу тармагын жандантууга 130 миллион доллар бөлгөнү айтылды.
Европа инвестициялык банкынын башчысы Вернер Хойер 2022-жылдын май айында Украинаны калыбына келтирүү үчүн "Маршалл планын" каржылоого бир нече триллион доллар керектелерин билдирген эле. Ал эми Германия канцлери Олаф Шольц ошол эле жылдын августунда Украинаны калыбына келтирүү "Маршаллдын планына" караганда алда канча масштабдуу болорун, буга миллиарддаган каражат жумшаларын айткан болчу.
14 Бирдин айы 2024, 11:51