Депутаттар талаштуу үйдөн тургундардын чыгарылышын текшерүүнү талап кылды

© Sputnik / Эламан Карымшаков Сүйөркулов 16/1 дарегинде жайгашкан үй. Архив
Сүйөркулов 16/1 дарегинде жайгашкан үй. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2024
Жазылуу
Бекешев элдин алданып калышына курулушту убагында көзөмөлдөбөгөн мамлекеттик органдар күнөөлүү экенин айтты.
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңеште талаштуу үйдөн тургундардын чыгарылышы боюнча маселе көтөрүлдү.
Жалпы жыйында бир нече депутат Сүйөркулов, 16/1 дарегинде жашаган тургундарды калаа бийлиги үйүнөн чыгарып койгонун сынга алды. Алар жабырлануучулар парламенттин эшигин каккылап келишкенин белгиледи.
Эл өкүлү Максат Сарбагышев сууктун күнүнө карабай тургундарды күчтөп чыгарып салуунун мыйзамдуулугун текшерүүнү талап кылды. Ал эми Таалайбек Сарыбашев күн жылып, соттун чечими чыкканга чейин мэрия күтө турса болмок деген пикирин билдирди.
Дастан Бекешев элдин алданып калышына курулушту убагында көзөмөлдөбөгөн мамлекеттик органдар күнөөлүү деп эсептейт.
"Мен 2022-жылдан бери бир нече жолу Башкы прокуратурага, мэрияга кат жөнөткөм. Бирок алар көңүл бурган эмес, эмнеге азыр кызыгып калышты? Бул жерден шылуундар пайда таап, акча төлөгөн байкуш жарандар үйсүз калды. Мамлекеттик органдар убагында көңүл бурганда алар алданмак эмес", — деди Бекешев.
Депутаттар арасында мэр Айбек Жунушалиевдин жоопкерчилигин кароо боюнча да сөз болду.
"Мэр деген элдин кызыкчылыгын ойлош керек да. Ооба, инвесторлорду коргош керек, бирок мынчалык эмес да. Түздөн-түз мэрдин жоопкерчилигин караш керек деп ойлойм", — деди Марлен Маматалиев.
Жыйынды алып барып жаткан вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев президенттин парламенттеги өкүлүнөн бүгүн өлкө башчысын кабардар кылып, көйгөйдү чечип, эртеңки жыйында маалымат беришин талап кылды.
Белгилей кетсек, мэрия талаштуу имарат соода борбору катары курулгандыктан жашоого кооптуу деген жүйө келтирүүдө. Бирок жашоочулар анын төмөнкү кабаттары коммерциялык объект болорун, үстү жагы апартаментке ылайыкталганын айтууда.
Бишкек мэриянын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2024
Парламентте Бишкек мэриясы кыргыз тилин өтө аз колдонот деп сынга кабылды
Жаңылыктар түрмөгү
0