ЭВФ Батыштын Россиянын активдерин конфискациялоо чечими боюнча үн катты

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүЭл аралык валюта фонду. Архив
Эл аралык валюта фонду. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2024
Жазылуу
Европанын борбордук банкы буга чейин Россиянын тоңдурулган активдерин пайдалануу европа валютасынын кадырына доо кетирерин эскерткен.
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Батыштын Россиянын активдерин конфискациялоо боюнча чечими кийин маселе жаратпагыдай болуп юридикалык жактан бекемделиши керек. Мындай пикири менен Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жетекчисинин орун басары Гита Гопинат Foreign Policy журналы уюштурган онлайн маегинде бөлүшкөнүн РИА Новости жазды.

"Жасап жаткан нерсенин баары келечекте болчу тобокелчиликтерди алдын алуу үчүн юридикалык жактан такталган болушу шарт", — деген ал.

Гопинат ЭВФ бул демилгени талкуулоого катышпай турганын, бирок анын айрым өлкөлөргө жана дүйнөлүк экономикага тийгизген таасирине баа берерин белгиледи.
Буга чейин Россиянын ЕБдеги туруктуу өкүлүнүн милдетин аткарган Кирилл Логвинов Батышта тоңдурулган россиялык активдерди же алардан түшкөн кирешени Украинага берүүгө негиз жок экенин, тоңдуруунун өзү мыйзамсыз болгонун белгилеген. Анын айтымында, Россиянын бул позициясы менен дүйнөнүн көп мамлекеттери макул. Логвинов россиялык активдердин мыйзамсыз колдонулушунун кесепети ЕБдин кадыр-баркы үчүн оор болот.
Эскерте кетсек, Батыш мамлекеттери Украинада атайын операция башталгандан кийин Россияга карата катаал санкцияларды киргизип, өлкөнүн валюта резервинин дээрлик жарымы — 300 миллиард доллары тоңдурулган. РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков россиялык активдерди Киевге берүү мүмкүнчүлүгү тууралуу айтып жатып, АКШ менен Европа бирөөнүн оокатына көз артып ишенимден кетерин белгилеген.
ЕБ лидерлери 2022-жылы Еврокомиссияга тоңдурулган активдерди Украинаны калыбына келтирүү иштерин каржылоого пайдалануу боюнча сунуш даярдоону тапшырышкан. Евробиримдик өлкөлөрүнүн туруктуу өкүлдөрү 29-январда ЕКтин сунушун алдын ала макулдашкан. Европалык дипломаттардын түшүндүргөнүнө караганда, Еврокомиссия Россиянын тоңдурулган активдеринен түшкөн пайданы кийин Украинаны калыбына келтирүүгө колдонуу үчүн атайын эсепте сактоону демилгелеп жатат. Азырынча кеп каражатты ЕБ бюджетине же түз эле Украинага которуу тууралуу жүрө элек, акчаны берүү механизми да иштелип чыккан эмес.
Анткен менен Европанын борбордук банкы буга чейин Россиянын тоңдурулган активдерин пайдалануу европа валютасынын кадырына доо кетирерин эскерткен. Банк Брюсселди "болуп жаткан чырдан тышкаркы нерселерди да көрө билүүгө" жана Украинаны каржылоого башка булак табууга чакырган. Россиялык активдердин басымдуу бөлүгү жайгаштырылган Бельгиянын Euroclear депозитарийи да Еврокомиссиянын каражатты колдонуу ниетине каршы турууга даярданып жатканын айткан.
Кремль мындай чечимдердин кабыл алынышы "эл аралык укук нормалары менен эрежелерди бузууга дагы бир кадам" болуп каларын билдирген эле. РФ ТИМи россиялык активдердин Европада тоңдурулушун уурулук деп атап, ЕБ жеке тараптардын эле эмес, мамлекетке таандык активдерге да көз артып жатканын белгилеген.
РФ Борбордук банкынын имараты. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2023
Батыштын санкциялык үмүтү талкаланып... Россия экономикасы кантип өнүгүүдө?
Жаңылыктар түрмөгү
0