Кыргызстанда курулуп жаткан имараттардын реестри ишке кирди

© Sputnik / Аяна БайтемироваБишкектеги курулуш объекти
Бишкектеги курулуш объекти - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2024
Жазылуу
Үй алууну каалагандар алгач объект тууралуу бардык маалыматты бул порталдан алса болот.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргызстанда курулуп жаткан имараттардын электрондук реестри (портал) ишке кирди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.
Ведомствонун маалыматы боюнча, өлкөдө турак жай, өзгөчө, көп кабаттуу үйлөрдөн батир сатып алуу — калк арасындагы курч маселелердин бири. Бул көйгөйдү жоюу үчүн аталган портал ишке кирди.
"Колдонуучу курулуш объектиси жөнүндө кызыккан маалыматты эркин ала алат. Мындан тышкары, курулуштун мамлекеттик реестринде каттоодон өткөн-өтпөгөнү жазылган", — деп кабарлады агенттик.
Электрондук портал Мамкурулуштун сайтына жарыяланды.
Аял крандан суу алып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2024
Пресс-борбор
Мамкурулуш "Таза суу" ишканасын түзүүнү сунуштоодо
Жаңылыктар түрмөгү
0