Кытайда жер көчкү 40тан ашык кишини басып калды

© Фото / Центральное телевидение КитаяКытайдын түштүк-батыш тарабында жайгашкан Юньнань провинциясында жер көчкү түштү
Кытайдын түштүк-батыш тарабында жайгашкан Юньнань провинциясында жер көчкү түштү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.01.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Кытайдын түштүк-батыш тарабында жайгашкан Юньнань провинциясында жер көчүп, кырктан ашык адам топурак алдында калганын РИА Новости жазды.
Жаратылыш кырсыгы таңда саат 5:51де Чжаотун аймагынын Чжэньсюн уездинде болуп, андан бир нече айыл зыян тарткан.

"Алдын ала берилген маалыматка таянсак, 18 кожолуктан 44 адамды жер жасып калган", — деп билдирген аталган өлкөнүн борбордук телеканалы.

Издөө, куткаруу иштерине 200дөн ашык адистер тартылганы, 200дүн тегерегиндеги адам эвакуацияланганы айтылды.
Шимлада болгон жер көчкүнүн кесепеттери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2023
Индиядагы жүрөк үшүн алган жер көчкүнүн видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0