Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Өкмөт "Бизнес-акыйкатчы жөнүндө" мыйзам долбоорун сунуштап жатат

© Sputnik / Асылбек БактыбековБизнес-акыйкатчынын милдетин аткаруучу Нурлан Мүсүралиев
Бизнес-акыйкатчынын милдетин аткаруучу Нурлан Мүсүралиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.01.2024
Бизнес-акыйкатчынын милдетин аткаруучу Нурлан Мүсүралиев
Жазылуу
Бизнес-акыйкатчынын милдетин аткаруучу Нурлан Мүсүралиев бизнес-омбудсмен институтун каржылоо келишими токтотулуп, ишмердүүлүгү толук кандуу жүрбөй калгандыгын айтты.
Министрлер кабинети "Бизнес-акыйкатчы жөнүндө" мыйзам долбоорун сунуштап, өлкөдө бизнести өнүктүрүү шарттарын жана жагымдуу инвестициялык климатты жакшыртуунун институттук негиздерин түзүп, бизнес-омбудсмен институтунун ыйгарым укуктарын мыйзам менен бекемдөө максаты коюлуп жатат. Бул тууралуу Нурлан Мүсүралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Өкмөт "Бизнес-акыйкатчы жөнүндө" мыйзам долбоорун сунуштап жатат
Анын айтымында, бизнес-акыйкатчы жөнүндө сунушталган мыйзам долбоору республикалык бюджеттен каржылоону талап кылбайт.
"Кыргызстанда бизнес-акыйкатчы институту 2018-жылдан бери №647 токтомдун негизинде ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген. Былтыр 30-апрелден тарта Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы каржылоону токтоткон. Бардык адистер иштен бошотулуп, учурда бизнес-акыйкатчынын милдетин жалгыз аткарып жатам. Ага байланыштуу министрлер кабинети "Бизнес-акыйкатчы жөнүндө" мыйзам долбоорун сунуштап, өлкөдө бизнести өнүктүрүү шарттарын жана жагымдуу инвестициялык климатты жакшыртуунун институттук негиздерин түзүп, бизнес-омбудсмен институтунун ыйгарым укуктарын мыйзам менен бекемдөө максаты коюлуп жатат. Эгерде мыйзам кабыл алынып калса, каржы булагын табуу жеңилдеп, ишибизди улантабыз. Негизи бизнес-акыйкатчы жөнүндө сунушталган мыйзам долбоору республикалык бюджеттен каржылоону талап кылбайт. Бул институттун иши үчүнчү булактан каржыланып, көз карандысыз уюм катары бизнестин кызыкчылыгы үчүн күрөшөт", — деди Мүсүралиев.
Ошондой эле адис бизнес-акыйкатчы институту ишкердик чөйрө үчүн гана эмес, мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө да оң таасирин тийгизерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0