Жаңы ишканаларга кадрлар даярдалсын. Акылбек Жапаров ректорлорду чогултту

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевЖаңы ишканаларга кадрлар даярдалсын. Акылбек Жапаров ректорлорду чогултту
Жаңы ишканаларга кадрлар даярдалсын. Акылбек Жапаров ректорлорду чогултту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2024
Жазылуу
Жапаров IT тармагындагы адистерди чыгарууга өзгөчө көңүл бурууга чакырган.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Кыргызстанда 100гө жакын ишкананын ачылышы күтүлүүдө. Билим берүү министрлиги менен жогорку окуу жайлар (ЖОЖ) тийиштүү адистерди даярдашы керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, Жапаров жогорку окуу жайлардын ректорлору менен атайын жыйын өткөргөн.
"Ар бир аймактык университет профессордук-окутуучулар курамын пайдаланып, өлкөнүн райондорун өнүктүрүү планын, ал гана эмес, ар бир айыл өкмөттү өнүктүрүү планын даярдасын. Илим экономиканы, өнөр жайды өнүктүрүүгө көмөктөшүшү керек. Анализ жүргүзүп, болжолдоп, дайыма бир кадам алдыда болгону оң. ЖОЖдор президенттин аймактардагы өкүлчүлүктөрү менен тыгыз иштешип, ректорлор ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн коллегиясынын курамына кириши керек", — деди Жапаров.
Өкмөт башчы кадрларды даярдоо маселесине дагы токтолду.
"Өлкөдө ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырыла баштады, 100гө жакын ишкананын ачылышы күтүлүүдө. Тиешелүү кадр резерви болушу керек. Ошондуктан Билим берүү министрлиги менен ЖОЖдор тиешелүү адистерди даярдасын. IT тармагындагы адистерди чыгарууга өзгөчө көңүл бурулсун", – деди Жапаров.
Жыйындын соңунда тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.
Эл аралык Ала-Тоо университетинин студенттери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2023
Өлкөдөгү билимдин деңгээли — экономиканын күзгүсү. Экономист менен маек
Жаңылыктар түрмөгү
0