Индияга турист катары барган кыргызстандык аял каза тапты

© AFP / JEFF PACHOUDӨлүкканадагы каза болгон аялдын буту. Архив
Өлүкканадагы каза болгон аялдын буту. Архив   - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2024
Жазылуу
Окуя Кыргызстандын Индиядагы элчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө турат.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Индияга турист катары барган кыргызстандык аял каза болгонун Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 5-январда Индиядагы элчиликке Ришикеше шаарындагы отелдин номеринен кыргызстандык аялдын сөөгү табылганы тууралуу кабар түшкөн.
Калаанын полициясы кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатканын билдирген.
"2024-жылдын 8-январында маркумдун сөөгү Кыргызстанга жеткирилип, туугандарына өткөрүп берилди", — деп айтылат маалыматта.
Окуя Кыргызстандын Индиядагы элчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө турат.
Индиялык ЖМКлардын маалыматы боюнча, 32 жаштагы аял туристтердин тобу менен өлкөгө 12-декабрда кирген.
Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы паркта чет элдиктер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2023
Коркпой эле ачалы. Депутат Токтошев Индияга визасыз режим киргизүүнү сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0