11-январга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарындагы коюу туман учурунда элдер көчөдө бара жатышат. Архив
Бишкек шаарындагы коюу туман учурунда элдер көчөдө бара жатышат. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2024
Жазылуу
11-январда айрым аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы болжолдонду. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетиши ыктымал.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Бейшембиде өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир жерлерде туман түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас чөлкөмдөрүндө +4…+9, Ысык-Көл жеринде +3…+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +8…+13, Нарын облусунда -2…-7 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +7…+9, Ош шаарында +11…+13 градус болот.
Кол чатыр кармаган кыз кар жаап жаткан учурда жолдо бара жатат. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2024
Кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0