Элмирбек Иманалиевди эскерүү концерти өтөт. Убактысы

© Фото / из личного архива Элмирбека ИманалиеваКРдин эл артисти Элмирбек Иманалиев. Архивдик сүрөт
КРдин эл артисти Элмирбек Иманалиев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2024
Жазылуу
Акын төрт жыл мурда дүйнө салган.
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. "Айтыш" коомдук фонду күйөрмандарды КРдин эл артисти Элмирбек Иманалиевди эскерүү концертине чакырды.
Иш-чара акындын туулган күнүндө — 17-январда саат 18:00дө Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда болот.
Анда Иманалиев түптөп кеткен "Төкмө келсе төр бошот" долбоорунун алкагында концерт тартууланмакчы.
Акын 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарыкка келген. Ал көп кырдуу талант эле. Төкмө акын, жазма акын, обончу, аткаруучу, дастанчы, манасчы болгон. 2020-жылы 20-апрелде оорудан улам 42 жашында көз жумган.
Кыргызстандын эл артисти, акын Элмирбек Иманалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2021
Элмирбектин жаштыгы, тагдыры, өксүткөн өлүмү... Акындын сүрөттө калган элеси
Жаңылыктар түрмөгү
0