Мактана эле бериптирбиз, ак илбирске тиешелүү эч нерсе жасалбаптыр. Маек
© Фото / Союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)Фотокапканга түшкөн ак илбирис. Архивдик сүрөт
© Фото / Союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
Жазылуу
Өлкөдө фотоаңчылыкка шарт түзүү менен ири киреше таап, туризмди өнүктүрүүгө жол ачылары айтылууда. Сейрек кездешкен жапайы жаныбарлардын жашоосуна байкоо жүргүзүү практикасын Кыргызстанда жайылтуу керек деген пикирлер бар.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде ЖК депутаты Эмил Токтошев жана эколог Гамал Сооронкулов болду. Биз кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү жаныбарларды сактап калуу, фотоаңчылыкты өнүктүрүү жолдору тууралуу баарлаштык.
— Экотуризмди колдоп жүрөсүз. Кыргызстандын шартында бул келечектүү тармак экенин белгилеп, мыйзам долбоорун да демилгеледиңиз.
Эмил Токтошев: — VI чакырылышта да мыйзам долбоору эки жолу көтөрүлүп, бирок колдоо таппай калган. Мында да көтөрдүк. Ак илбирс, тоо теке, аркар, кулжа өңдүү сейрек кездешүүчү жаныбарларыбыздын саны кескин азайып баратканына байланыштуу жапайы жаныбарларды мурас, байлыгыбыз катары коргоп, сактап калуу үчүн болгон иш-аракетимди кылып жүрөм. Браконьерлер да көбөйдү. Биздин арка, кулжалар кызыл китепке киргенине карабай мергенчиликке лицензия берүүчү орган уруксат берип аттырып жатат. Былтыр саноого мен да катышып, булардын кыйла азайганына күбө болдум. Илбирс дүйнө жүзүндө 12 гана мамлекетте бар экен. Анын ичинен Кыргызстанда гана көбүрөөк кездешет. Илбирс тууралуу көп уламыштар бар, эпосто да Манас атабыздын колдоочусу катары айтылат. Кинофестивалдарды, акцияларды өткөргөнүбүз менен илбирстин тамагын талашып, аркарларды атып жеп жатабыз. Карышкыр менен илбирс экологиянын санитарлары. Мындан 4-5 жыл мурун "Кыргызстанга туристтер мылтык менен эмес, фотоаппарат менен келсин" деген демилгемди угуп көбү күлүштү эле. Кыргызстанда илбирсти коргоо боюнча фонд ачып, көп иштерди алып барып жүргөн компаниянын чакыруусу менен жаратылышты коргоо, Экология министрлигинин орун басары, мен, бир корукчу жана фонддун өкүлү болуп төртөөбүз Индиядагы чоң иш-чарага катышып келдик. Абдан керектүү маалыматка ээ болдук. Алыстан эле дүрбү менен илбирстерди жакындатып көрдүк. Тоо текелер аралап эле жүрөт. Жакындан көргөнүбүзгө абдан сүйүндүк. Чет элдик туристтер менен сүйлөшсөм, фотоаңчылыкка абдан кызыгышарын, интернеттен таап эле ошол фирма аркылуу келгенин айтып жатат.
Фотоаңчылык азыр абдан өнүккөн тармак. Буга кызыккандар да көп. Көрсө, бизге туристтер сейрек кездешкен жапайы жаныбарларды көрүү үчүн келет экен. Алар буга көп акча салууга даяр, болгону шарт керек. Экотуризм 100 миллион долларга жакын пайда алып келет. Фотоаңчылыкка келген туристтер 20 миң долларлык дүрбүлөрдү көтөрүп жүрүшөт. Ал эми мылтыктын эң кымбаты 5 миң доллар. Айырмасын көрдүңүзбү. Америкалык турист Кыргызстанга да келгенин айтты. "Силер атууга уруксат бересиңер, ал мыйзамды чектесеңер, силерде да фирма ачып экотуризмди өнүктүрүүгө даярбыз" дейт. Өкмөттүн бетке кармаган сөзү эле акча. "Жылына 50-60 миллион таап жатабыз. Аттыра бербейлиби" дешет. Акчадан да баалуу нерселер бар. Мен фотоаңчылыктын кирешеси атууга караганда эки эсе чоң экенин, анын экологияга пайдасын жана, үчүнчүдөн, Кыргызстан үчүн бренд болорун аргумент менен далилдеп берем. Өлкөгө бай туристтер көлдү же токойду көрүү үчүн келбейт, анткени ал бүт дүйнөдө бар, бирок илбирсти көргөнү келет. Ошондуктан экотуризмди, илбирсти бренд катары өнүктүрүшүбүз керек.
Гамал Сооронкулов: — Көп жылдан бери аңчылыкка мораторий жарыялоо аракеттерибиз ишке ашпай келе жатат. Мергенчиликтен тапкан акчабыз жоготуубуздун жанында эч нерсеге татыбайт. Фотоаңчылыктан деле акча табууга болот. Учурдагы Таластагы аңчылык чарбасынын 13 гектарга жакын жеринин документтерин даярдап, фотозона уюштурууга аракет жасап жатабыз. Эмдиги жылы Талас облусунун Токтогул району менен чектешкен аймагында аюуну сүрөткө тартууга тур уюштурабыз.
— Фотоаңчылыкка кызыккан, каражатын салган ишкерлер барбы?
Э.Т. — Бар экен. Кеминдик корукчу "Илбирсти коргоо" форуму менен иштешип, атайын корук уюштуруптур. Тоо тарапты көздөй ат менен 1,5 жарым саатта жетүүчү "Шумкар-Төр" жайлоосунда жергиликтүү элге бугуларды көргөзөт экен. Барып көрдүк, абдан сонун. Бирок муну мыйзам менен тууралап берүү кажет, туристтер үчүн шарт түзүү керек. Индияда бир фотоаңчы фирмага келүү үчүн 7,5 миң доллар төлөйт экен. Жол киреси өзүнчө каралат.
— Сиз жазып жаткан мыйзам долбоору канча убакта ишке кирип калат?
— Учурда юристтер менен тыгыз иштешип жатабыз. Эгер январда өткөрүп калсак, алты ай ичинде толук ишке кирет.
— Кыргызстандын кайсы аймактарында корук уюштурса болот?
— Бардык аймактарда болот. Анткени илбирс ар бир облуста кездешет. Андан башка да жапайы жаныбарларга кызыкса бугу, аркар, аюу, каман бар. Алгач илбирске келишет, андан кийин калган жаныбарларга өзүнчө акча төлөйт. Чоң Кеминде жайгашкан мамлекеттик корукта атууга тыюу салынган.
Бизде браконьерлик да көбөйүп кетти. Егерлер, корукчулар жетишпейт. Жаңы мыйзам боюнча браконьерлерди кармап алган корукчуга айып пулдун 50 пайызы ыйгарылат. Лицензия алган күндө деле туристтер "бирди атам" деп кирет да, 2-3тү атат. Тукум улоочу мүйүзү чоң эркегин атып, анын мүйүзүн өзү менен кошо ала кетет. Корукка кудасы же сыйлуу мейманы барып калса "бармак басты, көз кысты" кылып ата бериши мүмкүн. Мыйзам тыюу салмайынча бул токтобойт.
© Фото / Министерство природных ресурсов, экологии и технадзора КРЭмил Токтошев: бизде браконьерлик да көбөйүп кетти. Егерлер, корукчулар жетишпейт. Жаңы мыйзам боюнча браконьерлерди кармап алган корукчуга айып пулдун 50 пайызы ыйгарылат.
Эмил Токтошев: бизде браконьерлик да көбөйүп кетти. Егерлер, корукчулар жетишпейт. Жаңы мыйзам боюнча браконьерлерди кармап алган корукчуга айып пулдун 50 пайызы ыйгарылат.
© Фото / Министерство природных ресурсов, экологии и технадзора КР
— Кайсы облустарга фотозоналарды уюштурсак туризмди өнүктүрүүгө шарт түзөт?
Г.С.: — Андай жерлер ар аймакта бар. Жерибиз жапайы жаныбарларга бай, болгону чыгынуу керек. Жогорку Кеңештен демилге көтөрүлүп, министрлик колдоп, коомчулукта активисттер ишти колго алса болот. Фотоаңчылыктын бир да терс жагы жок. Болгону мыкты жабдыктар керек. Боз үйлөр тигилип, ат мингизүү кызматтарын кошуп койсо болот. Жайыттарга да зыяны тийбейт.
— Экотуризм коңшуларда кандай өнүгүүдө?
Э.Т.: — Кытай ички туристтерге эле атууга уруксат берет. Ал эми Пакистанда бул жагы кооптуу экен. Жакын коңшулардын системасы биздикиндей эле. Атууга лицензия берилет. Тажикстанда аркар, кулжанын бизде кездешпеген башка түрү бар. Алар лицензияны 100 миң долларга чыгарды. Бизде 6 миң долларга эле уруксат берет. Фотоаңчылык боюнча да фирмалары бар. Бирок алардан озунуп эртерээк баштасак, туристтер бизге көп келет эле.
— Бир катар жаратылышты коргоо уюмдары биригип ак илбирске улуттук статус берүү маселесин көтөрүп чыгышкан эле...
— Мен да ушунун үстүндө иштеп жатам. Сөз менен эле мактанып келиппиз, чындыгында иш жүзүндө илбирске тиешелүү эч нерсе жасабаптырбыз.