Сот Адахан Мадумаровду февралга чейин камакта калтырды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров. Архивдик сүрөт
Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2023
Жазылуу
Саясатчынын кесиптештеринен аны үй камагына чыгаруу өтүнүчү келтирилген.
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров 2024-жылдын 9-февралына чейин камакта калмай болду. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук соту кабарлады.
Сот депутаттын үстүнөн козголгон кылмыш ишин карай баштаган. Отурум жабык эшик артында өтүүдө.
"Жактоочу саясатчынын бөгөт чарасын өзгөртүүнү суранган. Адвокаттардын айтымында, ЖК депутаттарынын басымдуу бөлүгү Мадумаровду үй камагына чыгаруу өтүнүчүнө кол коюп беришкен, бирок сот аны четке какты. Саясатчы 2024-жылдын 9-февралына чейин тергөө абагында болот", — дешти соттон.
Адахан Мадумаров сентябрда кармалып, соттун чечими менен камакка алынган. Эл өкүлү мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталууда. Анткен менен чоо-жайы ачыкталбай келет. Бирок депутаттын өзүнүн айтымында, анын кармалышы кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу Төрт-Көчө тилкесине байланыштуу. 2009-жылы Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда Кыргызстан аталган жерди тажик тараптан 49 жылга ижарага алуусу каралган протоколго кол койгону айтылып келет. Кыргызстан бул документти тааныган эмес.
Парламент депутаты Эмил Жамгырчиев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.12.2023
ЖК депутаты Эмил Жамгырчиевдин иши сотто кайрадан каралмай болду
Жаңылыктар түрмөгү
0