Бишкекте № 24 мектепке бомба коюлганы айтылып, окуучулар эвакуацияланды

© Sputnik / Эркин СадыковМилиция автоунаасы. Архивдик сүрөт
Милиция автоунаасы. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Бишкектеги №24 мектепке бомба коюлгандыгы тууралуу кабар түшкөнүн Биринчи май РИИБдин маалымат кызматы тастыктады.
Белгилүү болгондой, бүгүн эртең менен саат 8:30дар чамасында ИИМдин электрондук почтасына мектепке бомба коюлгандыгы тууралуу билдирүү келген.
"Окуучулардын бардыгы эвакуацияланды. Жеринде укук коргоо органдары иштеп жатат", — деди РИИБден.
Эске салсак, билим берүү жайы шаардын чок ортосунда Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.
Билдирүү жазган адам. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2023
Бишкекте №33 мектепке бомба коюлду деп алдаган 9-класстын үч окуучусу кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0