Бишкекте үй-жайсыздарды көрсөңүз кайда кайрылуу керек? Дареги, телефон номерлери

© Sputnik / Светлана ФедотоваБишкектеги үй-жайсыз адамдар үчүн Коломто баш калкалоочу жайында адам. Архив
Бишкектеги үй-жайсыз адамдар үчүн Коломто баш калкалоочу жайында адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2023
Жазылуу
Үй-жайсыздар баш калкалоочу жайларга өз алдынча келсе болот же укук коргоо органдарынын жана Тез жардамдын кызматкерлери жеткирет. Ошондой эле тургундар дагы маалымат берсе болот.
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Бишкек шаардык мэриясы төрт райондогу атайын жайлардын кызматын, байланыш номерлерин жана даректерин жарыялады.
Биринчи май районунда "Коломто" муниципалдык мекемеси туруктуу иштейт. Ал күнүнө 100гө чейин адамды кабыл алууга ылайыкталган. Мекеме жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Быйылкы жылга 10,1 миллион сом каралган.
"Коломто" мекемеси келген адамдарды убактылуу түнөтөт, күнүнө бир жолу тамак-аш менен камсыз кылат, медициналык кароодон өткөрүп, баштапкы санитардык дарылоо жүргүзөт. Керек учурда кийимдер менен камсыздайт, карыларды интернаттык мекемелерге жайгаштырууга көмөк көрсөтөт.
Бул мекеме жыл сайын туруктуу жашаган жери жок 1 500 адамга кызмат көрсөтөт. Байланыш телефону: 0312 30 48 55. Дареги: Жибек Жолу проспектиси, 413.
Ленин районунун аймагында "Мээримдүүлүк борбору" коомдук фонду туруктуу негизде иштеп, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдары бар аялдарды убактылуу жайгаштырат. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен бир жолку ысык тамак берилип, коммуналдык төлөмдөр төлөнүп, фонддун эсебинен социалдык кызматтар көрсөтүлөт. Бул үчүн бюджеттен 852,9 миң сом каралган.
Фонд Трудовая көчөсү №10 дарегинде жайгашкан, байланыш телефондору: 64 48 71, 0550 54 66 22, Роза Казиева.
Октябрь районунда үй-жайсыздар үчүн убактылуу баш калкалоочу 60 орундуу жай ачылды. Мында келгендерге күнүнө бир жолу ысык тамак берилет.
Байланыш номерлери: 511938, 0708880218. Райондун социалдык тейлөө секторунун адиси Сталбек Эсенкулов. Дареги: Токомбаев көчөсү, 1а.
Свердлов районунда 40 орунга ылайыкталган жай иштейт. Учурда имарат оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, дары-дармектер жана шейшептер сатылып алынган. Ар бир адамга күнүнө бир жолку ысык тамакка 70 сом бөлүнөт.
Байланыш телефондору: 360335, 0706 168877, Свердлов районунун социалдык тейлөө секторунун башкы адиси Эркин Мамаев. Дареги: Фере көчөсү, №34а.
Туруктуу жашаган жери жок адамдар бул баш калкалоочу жайларга өз алдынча кайрыла алышат. Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана Тез жардам бригадасы тарабынан жеткирилет. Жардамга муктаж адамдарды көрсөңүз, 102 (милиция), 103 (Тез жардам) жана жогоруда көрсөтүлгөн телефондорго кайрылыңыз.
Подъездге кирип жылынам деп таяк жечүмүн. Бишкектеги үй-жайсыз адамдардын жашоосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2020
Подъездге кирип жылынам деп таяк жечүмүн. Бишкектеги үй-жайсыз адамдардын жашоосу
Жаңылыктар түрмөгү
0