6-ноябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүКүзгү жалбырактары
Күзгү жалбырактары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет берген маалыматка ылайык, дүйшөмбүдө, 6-ноябрда, күндүз республика боюнча аба ырайы бузулбайт.
Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөнүндө +17...+22, Ош, Жалал-Абад, Баткен жергесинде +18...+23, Ысык-Көл чөлкөмүндө жана Нарын аймагында +9...+14 градус болору болжолдонууда.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +17...+19, ал эми Ош шаарында +21...+23 градуска чыгат.
Бишкекте эс алып жүргөн адамдар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2023
Кыргызстан боюнча кийинки жумага карата аба ырайынын божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0