Күйүмдүү жетекчини таптап өстүрүү керек. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк саясаты
12:35 31.10.2023 (Жаңыртылды: 13:46 01.11.2023)
© Pexels / August de RichelieuАткаминер. Иллюстративдик сүрөт
© Pexels / August de Richelieu
Жазылуу
Өкмөт башчы мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн зарылдыгын айтты. Негизи эле өлкөдөгү мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин ишмердиги дайыма сынга кабылып келет. Мунун да себеби бар.
Sputnik Кыргызстан редакциясында Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов болду. Биз мамлекеттик ишканаларды кантип натыйжалуу колдонуп, жеке менчик менен айкалыштыруунун эффективдүү жолдору тууралуу баарлаштык.
— Жакында эле "Мегаком" компаниясы да сатылды. Эмнеге мамлекеттик ишканалар жакшы иш көрсөтө албай келишет? Ошол эле ресурс менен жеке менчик компаниялар мыкты жыйынтыктарды берип жатат го...
— Негизи мамлекеттик ишканалардын алгылыктуу иш алып бара албай жатканы тууралуу талкуулар аябай көп жүрөт. Ошол эле учурда жеке менчик компаниялар эффективдүү иштей турганын билебиз. Экономикада эки чоң парадигма бар. Либералдык парадигма батыштан келген. Батышчылар мамлекеттин ролу экономикада азыраак болушу керектигин айтат. Алар баары жеке менчикке өтүшүн колдойт. Анткени ишкерлер бизнесине болгон ресурсун салып, жеке кызыкчылык менен жакшы иштешет. Ал эми буларга каршы келген социалисттер (мамлекетчилдер) кеп мамлекеттик же жеке менчик формада эмес, башкаруу системасында экенин айтышат. Башкаруучусу жакшы болсо, мамлекеттик же жеке экенине карабай компания жакшы иштеп кетет. Ал эми тажрыйбасы жок жетекчиге чоң корпорацияны берсең деле иштин көзүн таба албайт. Негизи эки көз карашта тең чындык бар. Учурда КМШ өлкөлөрүндө мамлекеттик ишканалар жакшы иш көргөзө албай жатат. Бирок дүйнөдө анын сонун жыйынтык көрсөткөн учурларын билебиз. Мисалы, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин социализм идеологиясы Европада абдан тарап кеткен. Ошол учурда Франция, Италия, Улуу Британиянын мамлекеттик ишканалары гүлдөп өскөн. Италияда Eni аттуу мамлекеттик ири корпорация 1950-1960-жылдары өлкөнүн локомотиви болуп эсептелген. Башкаруучусу легендарлуу Энрико Маттей корпорациянын алдында кошумча дагы 20-30 ишкананы түзүп койгон. Ал Италия экономикасынын атагын чыгарган. Ошол учурда эле Франциянын мамлекеттик ишканасы дүйнөлүк прогресс жасап, атомдук энергетика боюнча алдыга чыгышкан. Чыгыш Азия боюнча айтсак, Японияда, Сингапурда, Кытайда дээрлик чоң ишканалар мамлекетке таандык болгон. Түштүк Корея капиталисттик өлкө болсо да убагында мамлекеттик ишкердикти алдыга түрткөн.
Эмнегедир эле Кыргызстан мамлекеттик ишканаларды жолго коё албай койду. Азыр Россияда да мамлекеттик ишканалар көбөйүп кетти. "Ростех" корпорациясы да абдан өсүп, ичине 700 мамлекеттик ишкананы камтыйт. Алар технология тармагында да активдүү иштеп, илимий жаңы багыт алды. "Темир жолу" ишканасы Россиянын алыскы шаарларын бири-бири менен байланыштырууда чоң роль ойнойт. Бир кезде кыйынчылык болгонуна карабай, бүгүн Россиянын мамлекеттик компаниялары ар тараптан өнүгүүдө. Мамлекеттик ишканаларды өнүктүрүү үчүн бизде бир катар көйгөйлөр бар. Ишкердиктин формасы эмес, башкаруучунун деңгээли өтө маанилүү экенин түшүнүү кажет. Мамлекеттик ишканалар жакшы иштеши үчүн башкаруучуларды өстүрүп, аларга билим берүү керек. Мамлекеттик башкаруу академиясы мыкты кадрларды чыгарууга аракет жасап жатабыз, бирок бул дагы жетишсиз болууда. Анткени жакшы башкаруучу кадрлар чыгуу үчүн аларга билим, жакшы айлык берүү менен бирге өлкөнүн идеологиясы да керек. Алар мамлекетчил, өлкөнүн кызыкчылыгын ойлогон инсандардан болушу абзел. Ансыз болбойт.
© Sputnik / Асель СыдыковаЭкономика министринин кеңешчиси Улукман Мамытов: Экономикада эки чоң парадигма бар. Либералдык парадигма батыштан келген. Батышчылар мамлекеттин ролу экономикада азыраак болушу керектигин айтат. Алар баары жеке менчикке өтүшүн колдойт. Ал эми социалисттер кеп башкаруу системасында экенин айтышат.
Экономика министринин кеңешчиси Улукман Мамытов: Экономикада эки чоң парадигма бар. Либералдык парадигма батыштан келген. Батышчылар мамлекеттин ролу экономикада азыраак болушу керектигин айтат. Алар баары жеке менчикке өтүшүн колдойт. Ал эми социалисттер кеп башкаруу системасында экенин айтышат.
© Sputnik / Асель Сыдыкова
— Россиянын губернаторлор мектебине окууга барып келген майда аткаминерлер ал жактагы билим берүү менен айкалышкан практиканы көрүп, суктанып келишет. Бизде мыкты кадрларды даярдоо менен бирге башкаруучуларды окутуу системасын да өзгөртүү керек го...
— Ооба, системаны карап чыгышыбыз керек. Учурда иштеп жаткан тажрыйбалуу кызматкерлерди да квалификациясын жогорулатууга чакырып жатабыз. Антпесе болбойт. Азыр XXI кылымда жашап жатабыз. Билимдин аздыгы артка тартат. Мамлекеттик ишканалар боюнча маалымат абдан көп. Анда Чыгыш Азиянын тажрыйбалары да жазылган, бирок анын баары англис тилинде. Ал эми бизди окуткан материалдар, программа социалисттик багытта калып калган. Мен азыр беш-алты мыкты китеп сунуштай алам, кызыккандар өздөрү түшүнүп, жолун таап окушу керек. Негизи кыргыз-орус тилдерине которуп таратсак жакшы болот эле. Ал китептердин котормосун россиялык булактардан деле көргөн жокмун. Анда жазылган дүйнөлүк корпорациялардын тажрыйбасын баштан-аяк карап көрсөк эле баарын түшүнүп калабыз. Менин китебимде деле Сингапурдун тажрыйбасы чагылдырылган. Сингапур мамлекетти башкаруу системасын Япониядан, ал эми япондор Германиядан алган. Мамлекеттик ишканалардын иштеши боюнча алдыга чыгышына бир кездеги лидери Ли Куан Юнун эмгеги зор. Ал стратегиялык маанилүү тармактарды мамлекеттик ишканаларга берип койгон. Анын ичинде курулуш тармагы да бар. Алар архитектурасын мыктылап, карапайым элге стандарттуу, баасы арзан, сапаттуу үйлөрдү салып берген. Эми мамлекеттик кызматты кантип өнүктүргөнү кызык. Алгач улуттук кызмат системасын жакшы жолго коюп, туура программа түзүп, мамлекетчил патриот жетекчилерди тарбиялап чыгарган. Өлкөсү үчүн ичкен ашын жерге койгон жетекчилер сырттан келе бербейт. Аларды таптап өстүрүп, билим берүү кажет.
— Советтер Союзунун системасы да мыктыбы деп ойлойсуң...
— Ооба, союздун системасы мыкты болчу, бирок анын да кемчилиги бар эле. Ар бир нерседе тең салмактуулук болушу керек. Бирок Сталиндин убагында коюлган баланс 1960-1980-жылдар аралыгында аябай эле бузулуп, сакталбай калган. Пионер, комсомол — бул иерархиялык тепкич. Мамлекеттик чоң кызматка ушундай тепкичтерди басып өткөн гана адамдар жетчү. Японияда окуп жүргөндө ушул системаны көргөм. Алар "пионер, комсомол" деп атабаса да ошол эле союздун системасында жашашат. Ал эми Кытай өнүккөн өлкөлөрдүн күчтүү жактарын алып, Советтер Союзу кетирген каталарды кетирбей, чынында акылдуу колдонуп жатышат.
© Sputnik / Асель АкматЭкономист Улукман Мамытов: Өлкөсү үчүн ичкен ашын жерге койгон жетекчилер сырттан келе бербейт. Аларды таптап өстүрүп, билим берүү кажет.
Экономист Улукман Мамытов: Өлкөсү үчүн ичкен ашын жерге койгон жетекчилер сырттан келе бербейт. Аларды таптап өстүрүп, билим берүү кажет.
© Sputnik / Асель Акмат
— Бизде бийлик алмашкан сайын эле мыйзамдар кошо өзгөрөт. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жаатында көтөргөн саясатыбыз туура жолдо баратабы?
— Бүгүнкү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк моделинин ишке ашуусуна көзүм жетпейт. Себеби түбүндө чечилбеген көп маселелер бар. Мамлекеттик кызматкерлер айткандай, өлкө кызыкчылыгы да керек болгону менен иштин эффективдүүлүгү маанилүү орунду ээлейт. Биздин тажрыйбабызда эмнегедир экөө бири-бирине каршы болуп калууда. Биздикилер мамлекеттик ишканалар менен жеке өнөктөштүктү бириктирүүдө популисттик ойлорго алдырып коюшкан. Мамлекетчил, патриот башкаруучуларды өстүрбөсөк, булар баары бир иштебейт. Бизде өкмөт, министрлик алмашкан сайын жакшы иштеп келе жаткан ишканалардын башчыларын кошо жаңыртышат. Кадрдык чынжырча жок. Мамлекеттик кызматкерлер арасында деле ушул көрүнүш. Бийлик алмашканы менен туруктуу система иштеши керек. Бул аябай чоң көйгөй. Өнүккөн өлкөлөрдүн өнүгүү программасы бар. Бизде жакшы экономикалык стратегия да жок. Ошондуктан мамлекеттик ишканалар эффективдүү иштей албай жатат. Коррупцияны да жеңе албай жатабыз. Мамлекеттик компанияларды алгач жеке ишканалардын стадиясынан өткөрсөк болот эле. Ал эми жеке ишкерликте коррупция болбойт, анткени алар өздөрүн тонобойт да. Ошол себептен жеке менчик ишкананы буттан тургузуп, коррупциядан тазалап алып анан мамлекеттикке айлантсак өзүнчө стратегия болуп калмак. Бизде азыр, тескерисинче, мамлекеттик ишканаларды жеке менчикке таратып берип коюуда.
— Ооба, анан мамлекет бардык ишкерлерге эле жер сунуштап жатат. Бул канчалык эффективдүү?
— Компанияларды жеке менчикке берген күндө да мамлекеттин мамилеси бир аз башкача болушу керек. Немецтер менен япондор жеке демилгени ишкерлердин өзүнө берген. Аларды көзөмөлдөө ишине банк аркылуу гана киришкен. Корпорациялар каалагандай эркин иштей берсин, бирок Өнүктүрүү банкы жеке менчик ишканалардын 5 пайызына ээлик кылса, ошол жетиштүү болот. Анткени алар инвестицияларын чечип бермек. Экинчиден, банкта мыкты финансисттер иштегендиктен ишкананын стратегиясын карап, кемчиликтеринен кабар алып, уурдап жатабы-жокпу, көзөмөлдөшөт. Өнүктүрүү банкынын негизги милдети ишканаларды, компанияларды, бизнести өнүктүрүү болушу керек.
— Кээде Улуттук банк менен парламенттин көз караштары дал келбей калган учурлар кездешет. Ушул жагдайда айрым рычагдарды Өнүктүрүү банкына берип коюу саясаты ойноп кетпейби?
— Эми биздин Кыргызстанда ар кандай болушу мүмкүн. Бул башкаруу системасынын көйгөйү. Маселени туура ачып көрсөтүп берүү гана колубуздан келет. Биз багыт, аны ишке ашыруу жол-жобосу, ага кандай банктар, кандай модель керектигин көрсөтүп гана бере алабыз, калганы өкмөттүн колунда.