БУУнун Коопсуздук кеңеши милдетин аткара алган жок. Эрдоган Газа тууралуу

© AFP / ADEM ALTANТүркия президенти Режеп Тайип Эрдоган
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2023
Жазылуу
Түркия лидери адам укугу жана эркиндиги деп келген Батыш мамлекеттери отко май чачкандан башка эч нерсе кылган жок деп эсептейт.
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. БУУнун Коопсуздук кеңеши Жакынкы Чыгыштагы кырдаалда кайрадан өз милдетин аткара алган жок. Бул тууралуу Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган айтканын РИА Новости жазды.
"Таасири улам начарлап бараткан БУУнун Коопсуздук кеңеши мында да милдетин аткара албады. Адам укугу менен эркиндиги үчүн жан үрөп келген Батыш мамлекеттери отко май чачкандан башка эч нерсе кылышкан жок. Эл аралык ЖМКлар эки жүздүү макалалары менен адам өлүмүн актаганга өтүштү. "Коопсуз жай" делген жерлерге жол алган күнөөсүз элдин, чек ара заставаларынын, мечит, мектептердин бомбаланышы — акыркы 12 күн ичинде баарыбыз күбө болгон аскердик кылмыштын айрымы гана", — деп жазды Эрдоган Х тармагына.
Президенттин айтымында, "Аль-Ахли" ооруканасына жасалган чабуул Газадагы кыргынды башка өңүттө кароого аргасыз кылды.
"Адамзатка каршы жана Газа тургундарын геноцидге кептеп кол салгандарды кескин сындайм. Жоопкерчилик элди кыргандарга да, 7-октябрдан бери ар кандай билдирүүлөрү менен отко май чачып келгендерге да жүктөлөт. Газада көз жумган 4 миң боордошубузду кудай ырайымына алсын, Израилдин соккуларынан балдар менен аялдар каза тапты. Жаракат алгандар тезирээк айыгып кетсин. Түркия ок атууну токтотууга, андан кийинки туруктуулукту орнотууга болгон аракетин жумшоону улантат", — деди Эрдоган.
Эскерте кетсек, Газа секторундагы "Аль-Ахли" ооруканасына шейшемби күнү сокку урулган. Газанын Саламаттык сактоо министрлиги 471 адам каза таап, 300дөн ашык киши жабыркаганын билдирген болчу, көбү аялдар менен балдар. Палестина менен Израиль чабуулду бири-биринен көрүп жатат: Палестина ТИМи соккуну израилдик учактар жасады десе, Израиль армиясы ооруканага палестиналык "Ислам жихады" тобунун туура эмес учурулган ракетасы келип тийгенин билдирүүдө.
7-октябрь күнү эртең менен Израиль ХАМАС аскердик канаты жарыялаган "Аль-Акса топон суусу" операциясынын алкагында Газа сектору тараптан болуп көрбөгөндөй чабуулга дуушар болгон. Ракеталык соккулардан кийин уюмдун жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк чегине кирип барган.
Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.
Эки тараптан тең каза болгондордун саны миңден ашып, бир нече миңи жаракат алды.
Россия президенти Владимир Путин Жакынкы Чыгыштагы кризис БУУнун Коопсуздук кеңеши 1967-жылы бекитип берген "эки мамлекеттүүлүк" формуласынын негизиниде гана жөнгө салынышы керек деген позициясын билдирген. Аталган формулада борбору Чыгыш Иерусалимде жайгашкан көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүү каралган.
Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестиндик-израилдик жаңжал ондогон жылдардан бери региондогу кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
Вашингтондо палестиналыктарды колдогон согушка каршы демонстрациялар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2023
Еврейлердин Вашингтондогу уюму палестиналыктарды колдоп митингге чыкты. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0