Газадагы ооруканага сокку урулуп, кеминде 500 киши көз жумду. Окуянын видеосу

© AP Photo / Abed KhaledГаза секторундагы "Аль-Ахли" ооруканасынын жарылуусунан каза болгон палестиналыктардын сөөгү Газа шаарындагы Аль-Шифа ооруканасынын короосунда чогултулду
Газа секторундагы Аль-Ахли ооруканасынын жарылуусунан каза болгон палестиналыктардын сөөгү Газа шаарындагы Аль-Шифа ооруканасынын короосунда чогултулду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2023
Жазылуу
Палестиналыктар менен израилдиктер чабуулга бири-бирин айыптап жатат. Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, каргашада 500дөн ашуун адам набыт болгон.
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Газа секторундагы "Аль-Ахли" ооруканасына сокку урулуп, жүздөгөн адам каза болгонун РИА Новости жазды.
Чабуулдун видеосу соцтармактарга жарыяланган.
Палестиналыктар менен израилдиктер чабуулга бири-бирин айыптап жатат.

Палестинанын реакциясы

Газанын Саламаттык сактоо министрлиги ооруканага соккуну Израиль урганын айтып чыкты. Мындан кеминде 500 киши көз жумган. Өлкө президенти Махмуд Аббас үч күндүк аза күтүү жарыялады. Палестинанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, каза болгондордун көбү аялдар менен балдар.
Кийинчерээк өлкө ТИМи чабуулду Израилдин учактары жасаганын билдирди.

Израиль эмне дейт?

Израилдин i24 телеканалы Израиль армиясынын алгачкы иликтөөсү ооруканадагы жарылуу ХАМАСтын ракетаны туура эмес учуруп алганынан улам болгонун кабарлады. Кийинчерээк ЦАХАЛ ооруканага Палестинанын "Ислам жихады" тобунун ийгиликсиз учурулган ракетасы келип түшкөнүн билдирген. Анткен менен аталган топ киненин жөнсүз экенин айтып, четке какты.

Башка өлкөлөрдүн реакциясы

Бир катар мамлекеттерде Палестинаны колдогон ири акциялар уюштурулуп, көбү Израиль менен АКШнын элчиликтеринин алдында өтүүдө. Иордания Газа секторундагы абал боюнча өткөрө турган саммиттин мөөнөтүн жылдырды.
Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Дмитрий Медведев Газадагы ооруканага жасалган чабуулду аскердик кылмыш деп атады. Ал түбүндө мунун жоопкерчилиги АКШнын мойнунда экенин айтып, "Вашингтон ар өлкөдө, ар контингенттеги согуштан пайда көрүп", "курал-жаракка болуп көрбөгөндөй акча таратып жатканын" белгиледи.
Африка союзу комиссиясынын жетекчиси Муса Факи Махамат ооруканага сокку урулушуна Израилди айыптап, аскердик кылмышка барганын билдирди.
"Израилдин Газадагы оорукананы бомбалоосуна нааразычылыгыбызды айтып түгөтө албаспыз. Эл аралык гуманитардык укукка ылайык, оорукана коопсуз жай деп эсептелет, жүздөгөн адамдардын өлүмүн шарттаган бул сокку — аскердик кылмыш", — деп жазды Махамат X тармагына.
АКШ президенти Жо Байден "Аль-Ахли" ооруканасына сокку урулушуна катуу нааразы экенин билдирип, окуя боюнча маалымат чогултууну тапшырды.

БУУ аянтчасындагы билдирүүлөр

БУУдагы араб мамлекеттеринин тобу Газа секторундагы ооруканага сокку ургандарды жоопкерчиликке тартууга чакырып жатканын топтун төрагасы Махмуд аль-Хамуд журналисттерге билдирди.
"Биз БУУнун Коопсуздук кеңешин өз милдетин аткарууга жана ок атууну токтотууга чакырык жасоого үндөйбүз", — деди ал.
Россия менен БАЭ БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул ачык жыйынын өткөрүүнү талап кылып жатканын РФтин БУУдагы туруктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дмитрий Полянский билдирди.
Өз кезегинде БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш да соккуну сындап, медициналык жайлар гуманитардык укукка ылайык коргоодо болушу керектигин белгиледи.
"Палестинанын жүздөгөн жай тургунунун өмүрүн алган апааттан жүрөгүм үшүп турат, кескин сындайм. Ооруканалар менен медициналык персонал гуманитардык укук менен корголгон", — деп жазды Гутерриш Х тармагына.
БУУ штаб-квартирасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2023
БУУ Израилдин Газага урулган соккуларын согуштук кылмыш деди
Жаңылыктар түрмөгү
0