ЖККУнун баш катчысы "Бузулбас боордоштук" машыгуусуна жогорку баасын берди

© Sputnik / Жантай МакеновЖККУнун Ысык-Көлдөгү "Бузулбас боордоштук" машыгуусу
ЖККУнун Ысык-Көлдөгү Бузулбас боордоштук машыгуусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2023
Жазылуу
Тасмагамбетов ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн тажрыйбасы аларга жашоо тарабынан коюлган шарт-талаптарга жооп берерин белгиледи.
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов Ысык-Көлдөгү "Бузулбас боордоштук" машыгуусуна тартылган бардык бөлүктөр жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөткөнүн билдирди.
Машыгуулар Кыргызстанда 9-13-октябрь аралыгында өттү.
Тасмагамбетов ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн тажрыйбасы аларга жашоо тарабынан коюлган шарт-талаптарга жооп берерин белгиледи.
"Бирдиктүү машыгуулар Жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрдүн тажрыйбасынын жогорулаганын дагы бир ирет тастыктайт. Башкаруу органдары шарттуу мамлекеттин аймагында тынчтык операцияларын даярдоо жана жүргүзүү боюнча жакшы практикадан өттү. Улуттук тынчтык контингентинин жеке курамы өз ара кызматташуу маселелерин толук көлөмдө аткарды", — деди Тасмагамбетов.
Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов жыл сайын өтүүчү аскердик машыгууларда аскерлер ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүн колдонуу жана алардын иши боюнча актуалдуу маселелердин үстүндө иш жүргүзө аларын айтты.
"Аскер кызматкерлери жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүктү көрсөтүштү. Жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрдүн командалык курамы тынчтыкты колдоо боюнча операция учурунда тапшырмаларды аткаруу боюнча чоң тажрыйбага ээ болду. Тыгыз кызматташуу уюштурулду... Россиянын Аскердик деңиз флотунун сыноо базасы менен биргеликте Ысык-Көлдө аткарылган тапшырмалар машыгуунун негизги өзгөчөлүгү болду", — деди Бекболотов.
Учения ОДКБ Нерушимое братство 2023 на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2023
Балыкчыда ЖККУнун "Бузулбас боордоштук" машыгуусу аяктады
Жаңылыктар түрмөгү
0