Путиндин Кыргызстанга расмий сапары  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2023
Путиндин Кыргызстанга расмий сапары
РФ лидери Владимир Путин 12-13-октябрда Кыргызстанда болот. Ал Садыр Жапаров менен жолугуп, КМШ өлкөлөрүнүн президенттеринин саммитине катышат.
В Кыргызстан с официальным визитом прибыл Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан

Путин Бишкекке келип түштү. Учурда эмне болуп жатат: сүрөт, видео

Жазылуу
Бүгүн Россия лидери Владимир Путин Бишкекке расмий сапар менен келип түштү.
Ал кесиптеши Садыр Жапаров менен жолугуп, КМШ өлкөлөрүнүн президенттеринин саммитине катышат. Путиндин сапары эртең, 13-октябрда, аяктайт.
Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
17:43 12.10.2023
Путиндин Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында кол коюлган 7 документ
Тизме:
Кыргызстандын министрлер кабинети менен Россия өкмөтүнүн ортосундагы Б. Ельцин атындагы КРСУнун иштөө шарттары жөнүндө макулдашуу;
Кыргызстандын Юстиция министрлиги менен Россиянын Юстиция министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
Кыргызстандын Юстиция министрлиги менен Россиянын Юстиция министрлигинин ортосундагы 2023-2024-жылдарга карата кызматташтык программасы;
Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги менен Россиянын Жаратылыш ресурстар министрлигинин ортосундагы токой чарбасын өнүктүрүү жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлиги менен Россиянын жаратылыш ресурстары жана экология министрлигинин ортосундагы айлана-чөйрөнү жана жаратылыш ресурстарын коргоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандуму;
Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети ортосундагы ниет протоколу;
Россия өкмөтү менен Кыргызстандын министрлер кабинети ортосунда биологиялык коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
17:24 12.10.2023
Бишкек шаарынын калктуу конуштарын газдаштыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2023
Путиндин Кыргызстанга расмий сапары
Путин: Россия Кыргызстанга газдаштыруу процессин илгерилетүүгө жардам берет
17:21 12.10.2023
Кыргызстан Россия товар айлантууну жылына 5 миллиард долларга жеткирүүгө ниеттенет Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун айтымында, президенттердин соода жүгүртүүнүн потенциалы толук ачыла электиги боюнча пикири бир жерден чыкты. Буга байланыштуу амбициялык деңгээлге, тагыраагы, соода жүгүртүүнү 5 миллиард долларга жеткирүү милдети коюлду.
17:00 12.10.2023
Быйыл Кант аба базасынын түптөлгөндүгүнө 20 жыл болду. Тагыраагы, 2003-жылдын 23-октябрында ачылган.
16:53 12.10.2023
Кыргызстанда бензин менен дизель жетиштүү болорун Россия президенти Владимир Путин Кыргызстанга болгон расмий сапарын жыйынтыктап жатып билдирди.
“Былтыр 1,2 тонна мунай күйүүчү май экспорттогонбуз, быйыл да ошончо көлөмдө жөнөтүлөт. Өзгөчө белгилеп кетейин, мунай жеңилдетилген шарт менен бажы алымысыз экспорттолот. Бул Кыргызстандын экономикасына түздөн-түз таасирин тийгизет”, — деди Россия президенти.
Автозаправочные станции Газпромнефть в Омске - Sputnik Кыргызстан
16:23 12.10.2023
Чынын айтсам, мен үчүн сиздин мындай чечимиңиз абдан күтүүсүз болду. Путиндин колунан орден алган Жапаровдун видеосу
16:04 12.10.2023
Путин Жапаровго Ардак орденин такты
16:02 12.10.2023
Жапаров менен Путин РФ лидеринин расмий сапарынын жыйынтыгы менен биргелешкен билдирүү жасоодо.
15:25 12.10.2023
15:07 12.10.2023
Россия лидери Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду Ардак ордени менен сыйлоо жөнүндөгү жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Кремлдин сайтына жарыяланды. "Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын стратегиялык мамилелерин, союздаштыгын бекемдөөгө жана Евразия аймагындагы интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Жапаров Садыр Нургожоевич Ардак ордени менен сыйланат", — деп айтылат жарлыкта.
Документке бүгүн, 12-октябрда, кол коюлган.
15:02 12.10.2023
14:47 12.10.2023
14:43 12.10.2023
Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин кеңири форматтагы жолугушуусу. Түз эфир - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2023
Путиндин Кыргызстанга расмий сапары
Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин кеңири форматтагы жолугушуусу. Видео
Жапаров менен Путиндин "Ала-Арча" резиденциясында кеңири форматтагы жолугушуусу өтүүдө.
14:34 12.10.2023
Путин Үркүндүн курмандыктарын эскерип, гүлчамбар койду
14:32 12.10.2023
14:31 12.10.2023
14:31 12.10.2023
14:31 12.10.2023
14:14 12.10.2023
Президенттер "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине багыт алышты. Россиялык журналист Павел Зарубин таасирин жана толкунданганын жазган.
14:06 12.10.2023
Жаңылыктар түрмөгү
0