"Жеткен бетпактык". Лавров Трюдонун кечирим сураганына комментарий берди

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүРоссия ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров
Россия ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2023
Жазылуу
Окуядан соң Канаданын Общиналар палатасынын спикери Энтони Рота кызматынан кеткен.
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Канада парламентине нацист Ярослав Хунканын чакырылышын премьер-министр Жастин Трюдонун билбей калышы мүмкүн эмес эле. Россия ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров муну акыл-эстүү ар бир адам жакшы түшүнөт деген пикирде.
Дипломаттын видеосун Sputnik Ближнее зарубежье чыгарды.
Лавровдун айтымында, Хунканын чакырылганын парламенттин спикери да билген.
"Окуя Трюдо айтып жаткандай болбогонун акыл-эстүү адамдар жакшы түшүнүп турат. Албетте, баары билишкен, парламент спикеринин да, коопсуздук кызматынын да кабары болгон. Ал (Хунка — ред.) бир топ белгилүү адам, көпчүлүк жакшы билет. Бир чети Трюдого бооруң ооруйт, канткен менен премьер-министр да. Нацистти ушунча урмат менен тосуп алып жаткандан кийин, албетте, анын келерин Зеленский экөө тең билген", — деди Лавров.

Окуянын чоо-жайы

Эске салсак, Зеленскийдин Канадага болгон сапарынын алкагында парламенттин отурумуна чакырылгандардын арасында 98 жаштагы Ярослав Хунка болгон. Общиналар палатасынын спикери аны "Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Украинанын көз карандысыздыгы үчүн орустарга каршы согушкан" адам катары көрсөтүп, айткандары залдын кол чабуусу менен коштолгон. Хунка ССтин "Галичина" дивизиясынын ыктыярдуу мүчөсү болуп чыккан.
Тарыхка кайрылсак, ССтин "Галичина" дивизиясы 1943-жылы 28-апрелде түптөлгөн. Кийинки жылдын жай айына, Кызыл армия аларды украиналык Броды шаарынын жанынан талкалаганга чейин иштеген. Дивизияда кызмат өтөгөндөр жай жашоочуларга карата аскердик кылмыштарды жасашкан. Андан сырткары, еврейлерге, польшалыктарга, словактарга жана беларустарга жырткычтык менен мамиле кылганы тарыхта маалым.
Дивизия Польшага караган Гута Пеняцкая кыштагында 500 адамдын өмүрүн кыюуга катышкан. "Галичина" кийин Нюрнберг трибуналынын чечими менен кылмыштуу уюм деп табылган.
Общиналар палатасынын спикери Энтони Рота аталган адамдын өмүр баяны менен жакшы тааныш болбогондугун айтып, катасын мойнуна алып, Хункага көрсөтүлгөн урмат-сый үчүн кечирим сурады. Ал эми Канададагы оппозиция лидери Пьер Пуальевр премьер Трюдодон нацистти чакырганы үчүн анын жеке өзүнүн кечирим суроосун талап кылды. Канадалык өкмөт башчы ал өзү да, Владимир Зеленскийдин делегациясы да Хунканын парламентке чакырылганы боюнча маалыматы болбогондугун билдирген.
Резонанстуу окуядан соң Канаданын Общиналар палатасынын спикери Энтони Рота кызматынан кетип, премьер-министр Жастин Трюдо кечирим сураган.
Америкалык ишкер Илон Маск. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2023
Маск эски Twitter болгондо Хунканын окуясы билинбей калмактыгын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0