Канада парламентинде нацисттин даңазаланышы. Батыштын максаты ачыкталдыбы

© AFP / SEAN KILPATRICKУкраинанын президенти Владимир Зеленский Канаданын общиналар палатасында канадалык-украин согушунун ардагерин куттуктап жатат
Украинанын президенти Владимир Зеленский Канаданын общиналар палатасында канадалык-украин согушунун ардагерин куттуктап жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2023
Жазылуу
Кан кечкен бабалардын кимиси эмне үчүн согушканы анык. Бири адилеттүүлүк, тынчтык, эркиндик орносун, жер жүзү нацизмден куткарылсын, бардык империалисттик согуштар токтосун деп чыккан. Экинчилери Гитлердин жеңиши үчүн жан үрөгөн.
Тарыхка, анын чындыгына баам салган Наталия Осипованын макаласы РИА Новости агенттигине жарыяланды.
Эки чоң атанын — Семен Иванович Зеленский менен Ярослав Хунканын (Гунько) ысымы тарыхый мейкиндикте кагылыша түштү. Бири азыр да жашайт, токсон сегизинчи күзүн кечирип жаткан нацист. Кезегинде ССтин "Галичина" дивизиясына кызмат өтөгөн. Хунка — Канада премьеринин кабылдамасынан "Чоң атам Трюдо менен Зеленскийдин кабылдамасында" деген жазуу менен сүрөт жүктөгөн Терезанын чоң атасы. Канаданын премьер-министри Трюдо күнөөнү парламент спикери Энтони Ротага оодаргысы келди эле, журналисттер саясий жалганынын бетин ачкан сүрөттөрүн таап чыгышты.
Зеленский — баатыр жана фашизмге каршы, ошондой эле Украина президенти Владимир Зеленскийдин чоң атасы. Небереси башка неонацисттер менен бирге гитлердик жазалоочуга алакан чабуу менен анын элесине акарат келтирди.
Ярослав Хунканы парламентте "Экинчи дүйнөлүк согуштун украиналык-канадалык ардагери, баатыр, орустарга каршы Украинанын көз карандысыздыгы үчүн күрөшүп, азыр 98 жашында да аскер күчтөрүн колдоп келе жаткан киши" катары тааныштырышты. Башкача айтканда, Хунка чоң ата Экинчи дүйнөлүк согушта Зеленский чоң атага каршы согушкан.
"Галичина" – ошол согушта еврей, поляк, орус, беларус, словактарды жырткычтык менен кырган алгачкы украиналык дивизия катары белгилүү. Нюрнбергде "Галичинанын" курамына кирген СС түзүмдөрү кылмыштуу уюм деп табылган. 1945-жылы "Галичина" Австриянын территориясында британиялыктарга өткөрүлгөн. Нюрнбергдин чечимине карабастан нацист кылмышкерлерди СССРге өткөрүп беришкен эмес, тескерисинче, Россияга каршы колдонууну көздөшкөн.
1947-жылы сегиз миң украиналык нацист Британияга жеткирилип, паспорт алып, бүт өлкө боюнча бөлүштүрүлгөн. Алар МI6 кызматташкан, алардын арасынан СССРдин территориясын жардыруу иштерине диверсанттар тартылган, британ аскердик күчтөрүндө кызмат өтөгөн. 1980-жылдардын ортосунда "нацисттердин изине" түшкөндөр "Галичинадагы" аскер кылмышкерлерине жакындай баштаганда Канада аскердик кылмышкерлерди өткөрүп берүүгө тыюу салынган мыйзамды шашылыш кабыл алган. Ошондо нацисттердин бир даары ошол жакка көчүшкөн. Анткен менен эки миңинчи жылдардын башында Британия аймагында "Галичинанын" 1500 чакты катышуучусу калган.
Украина менен Канаданын баатырлыгынын аркасында кандай эрдиктер турат? Спикер Энтони Рота карыя нацистке кайсы кызматы үчүн ыраазычылык билдирди? Маселен, 1944-жылы 28-февралда "Галичина" дивизиясынын катышуучулары Польшанын Пиняцк хуторунун 850 жай тургунун өз үйлөрүндө тирүүлөй өрттөп салышкан.
Москвадагы Россиянын Тышкы иштер министрлигинин имараты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2023
Нацистти көкөлөткөн чырлуу окуя: Канада парламентинин спикери отставкага кетти
1944-жылы Словакияда "Галичина" дивизиясы жай жашоочуларды кырып, элдик көтөрүлүштү баскан. Низна Боча аттуу кыштакта нацисттер бир нече кишини, анын ичинде чөнтөгүнөн советтик тыйынды таап алышкан 15 жашар өспүрүмдү атып өлтүрүшкөн. Бул — британ булактарындагы маалыматтар. Бирок кылмыштардын иликтөөлөрү купуя сыр болуп, тема коомчулуктан болушунча жашырылган. Себеби орустар менен күрөштө аларга дайым нацисттердин пайдасы тийген.
Ал эми Семен Иванович Зеленскийдин аскердик чыйыры – анын карама-каршысы. "Элдин эсинде" сайтындагы маалыматтарда ал согуштун башында минометтук взводдун командири болгону айтылат. Кийинчерээк 57-гвардиялык ок атуучу дивизиянын 174-полкунун ротасын жетектеген. Кызыл Жылдыз орденине эки ирет татыган. Сыйлык ыйгаруу документтеринин бириндеги "Жеке аскердик эрдигинин кыска так баяндамасы" графасында: "Жолдош Зеленский Семен И. – өз ротасында жакшы уюштуруучу жана жетекчи. Батальон күрөшүп отуруп Батыш Буг дайрасына жеткенде ал өзү кечүү издеп таап, жааган октун алдында бир да жоготуусуз бүт ротасы менен кечип өткөн. Дайранын ары жагындагы немецтерди тез ыргыта баштаган", – деп жазылган.
Баарыбызда ушундай чоң аталардын элеси бар. Россия мурдагыдай эле өз ата-бабаларынын элесин сатпайт. Азыркы нацисттер менен антифашисттердин тирешинин башкы механизми — баягы эле үй-бүлөлүк тарых, үй-бүлөлүк эскерүү. Чоң аталарың ким менен ким тарапта күрөшкөн? Зеленскийдин туугандары Холокостто набыт болушкан. Азыр да "Россияныкы туура болуп жүрбөсүн, атайын аскердик операцияны баштоо керек беле, биздин тарыхтын туура тарабындабызбы, жакшылык менен жамандыкты адаштырып жаткан жокпузбу?" деп шек санагандар жок эмес.
Парламентте карыяга катуу кол чабышты. Анан анын жаш кезиндеги – "Галичинанын" курамындагы архивдик сүрөтүн таап чыгып, көзгө сая көрсөтүшкөндө: биз анын нацист болгонун билбеппиз, бизге айтышкан эмес, бул өкүнүчтүү кокустук деп коюшту. Сырдын баары ачыкталып калды го. Эмнеге анда алар Европадагы нацизмди токтотуп калышкан жок? Анткени мурун да, азыр да алар үчүн нацизм болуп көрбөгөндөй пайдалуу, ыңгайлуу. Дал ошондуктан ардакталып, баркталган аксакал картайганча өкүнмөк тургай, өз кылмыштарын ондогон жылдар бою баатырдык катары алып жүрдү.
Карылыкты сыйлоо керек, баарыбыз ушундай тарбия алганбыз, чоң аталарыбыздын баары согуш менен эмгектин чыныгы баатырлары. Бирок мында биз башка бир өңүттөгүсүнө күбөбүз. Канча кыргынга катышкан топтун мүчөсү, батыш каймактары көкөлөтүп турган ардагердин карылыгын көрдүк. Ошондой карыяны алар сыйлап, урматтап турушат.
Мамлекеттик департаменттин маалымат кызматынын жетекчиси Мэттью Миллер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2023
АКШда Канада парламентинин нацизм ардагерин көкөлөткөнү тууралуу эмне дешти. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0