Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Өлкөдө быйыл 7 айда жол кырсыктан 40тан ашык өспүрүм көз жумду. Кейиткен сандар

© SputnikЖол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2023
Жазылуу
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу балдар кабылган жол кырсыктардын себептери жана аны алдын алуу үчүн жасалып жаткан иштер тууралуу айтып берди.
Балдар кабылган 900дөн ашык жол кырсыгынын 400ү жөө өтмөктөрдө же белгиленбеген жерден кесип өткөндө болгон. Бул тууралуу Байказы Айтикул уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Өлкөдө быйыл 7 айда жол кырсыктан 40тан ашык өспүрүм көз жумду. Кейиткен сандар
Анын айтымында, жашы жете электерди коюп кетүү жана кырсыктаган автоунаанын ичинде балдар болгон кейиштүү учурлар арбын болууда.
"Жалпы өлкө аймагында катталган автоунаа кырсыктарынын жана өлүмдүн саны былтыркыга салыштырмалуу кыскарды. Бирок Кыргызстанда 2023-жылдын жети айында балдар кабылган 900дөн ашык жол кырсыгы катталды. Анын кесепетинен миңден ашуун бала ар кандай жаракаттарды алса, тилекке каршы, 40тан ашык өспүрүм каза болуп калды. Мунун көбү Чүй облусу, Бишкек шаарынын аймагында катталды. Себеби калаада кыймыл, мектептер көп. Кырсыктарды алдын алуу максатында жаӊы окуу жылы башталгандан тартып эле республика боюнча орто мектептерге кызматкерлерди бекиттик. Мектептердин айланасында бизден тышкары Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы коопсуздукту камсыздап жатат", — деди Айтикул уулу.
Ал жөө жүргөндөрдүн жол кырсыктарга кабылбашына кам көрүп, кырсыкты алдын алуу максатында ЖКККББнын кызматкерлери "Пешеход" рейддерин өткөрүп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0