00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Консоттун чечимин жокко чыгаруу. ЖК биринчи окууда мыйзам долбоорун кабыл алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБишкектеги Конституциялык соттун имараты. Архив
Бишкектеги Конституциялык соттун  имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2023
Жазылуу
Ага 66 эл өкүлү макул деген добушун берсе, төртөө каршы чыкты.
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңеш Конституциялык соттун өзүнүн чечимдерин кайра кароону караган конституциялык мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
Ага 66 эл өкүлү макул деген добушун берсе, төртөө каршы чыкты.
Ага демилгечи президент Садыр Жапаров болгон.
Бүгүнкү жыйында ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев матчество боюнча туура эмес чечим кабыл алган Конституциялык соттун төрагасы баш болгон жалпы курамы толугу менен кызматтан кетиши керектигин айткан.
Эске салсак, кыргызстандыктар Конституциялык соттун жашы жеткендерге атасынын атынын ордуна энесинин атына катталса болот деген маселеге уруксат берген чечими катуу талкууга алынган. Буга 2-июлда кыргызстандык активист Алтын Капалованын Конституциялык сот балдар 16 жашка чыккандан кийин паспортуна атасынын ысымынын ордуна энесинин атын жаздырууга укуктуу деген чечим чыгарганын билдирген маалыматы себеп болгон. Көптөр аны каада-салтка, улуттук баалуулуктарга каршы келерин айтышкан. Бул боюнча мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов да пикирин коомчулукка билдирип, тукум атанын аты менен гана сүрүштүрүлөрүн айткан.
Көп өтпөй Консот түшүндүрмө берип, 18 жашка чыккан жаран атасынын же энесинин атына катталарын өзү чечерин айткан. 30-июлда Конституциялык сот бул жагдай боюнча Үй-бүлө кодекси менен "Жарандык абал боюнча" мыйзамдын бир катар нормаларынын Конституцияга туура келер-келбесин карап, аны Баш мыйзамга каршы келбейт деп тааныган.
Конституциялык сот мыйзамда жалпы жонунан балага кыргыздын каада-салты боюнча жана ошол эле маалда советтик системада ысым берип жана фамилиясын, атасынын атын ыйгаруу каралганын белгилеген. Консот буга байланыштуу ата-энесине караганда баланын укугу биринчи экенин жана мамлекеттин коргоосунда тургандыгын белгилеген.
Бул боюнча Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы да үн каткан. Муфтий Замир кары Ракиевдин айтымында, ар бир перзент тегин билүүгө укуктуу. Баланы ким төрөгөндүгү айдан ачык. Ал эми тектин атага таандык болушу өтө зарыл. Ошондуктан ислам дини баланын тегин атага таандык кылат.
Бул темага бийлик өкүлдөрү да өздөрүнүн пикирин айтты. Тагыраагы, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев баланы энесинин атына каттоого каршы экендигин айткан.
"Матчествого" жол жок. Аны ким кабыл алган болсо, өзү жокко чыгарсын! Бул менин жарандык позициям", — деген Ташиев.
Баласын карап жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2023
Мамкатчы Касмамбетов баланы энесинин атына каттоого каршы пикирин билдирди
Жаңылыктар түрмөгү
0