Мамкатчы Касмамбетов баланы энесинин атына каттоого каршы пикирин билдирди

© AFP / FRED DUFOURБаласын карап жаткан аял. Архив
Баласын карап жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2023
Жазылуу
Буга чейин активист Конституциялык соттун чечимин жарыялаган болчу.
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов баланы энесинин атына каттоого каршы пикирин билдирди.
"Мен каршымын! Атанын аты менен гана тукум сүрүштүрүлөт. Эртең Конституциялык соттун маалыматы чыгат", — деп жазды Касмамбетов социалдык баракчасына.
Белгилей кетсек, кечээ активист кыргызстандык Алтын Капалова Конституциялык сот балдар 16 жашка чыккандан кийин паспортуна атасынын ысымынын ордуна энесинин атын жаздырууга укуктуу деген чечим чыгарганын билдирген. Бул маселе боюнча ал көптөн бери соттошуп келе жаткан, активисттин арызын жогорку сот органы үстүбүздөгү жылдын февралында кароо үчүн кабыл алган.
"Эми жашы жеткен бардык балдар апасынын атына катталса болот. Менин 16 жаштагы уулум — Капалов Данияр Алтыновичти куттуктайм. Ал жакында паспорт алып, атасынын ысымынын ордуна менин атымды жаздыра алат", — деп кабарлаган Капалова.
Ошол эле учурда социалдык тармакта балага энесинин атын берүүнү туура көрбөй, сын-пикирлерин жазгандар арбын болууда. Бул улуттук каада-салттарга каршы келерин билдирип жатышат.
Ал эми Конституциялык сот расмий маалымат тарата элек.
Конституциялык сот. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2023
Конституциялык сот: депутатка иш козгосо болот, кармоодо макулдук керек
Жаңылыктар түрмөгү
0