Биоактивдүү кошулмаларды алуудан мурда сертификатын текшергиле. Дарыгердин маеги

© Photo / Pexels / Darina BelonogovaДары-дармек. Архивдик сүрөт
Дары-дармек. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2023
Жазылуу
Медицина — түрдүү дарылар менен илдеттен арылуу эле эмес, ал ден соолукка адамды кам көрүүгө чакырат. Туура тамактануу, убагында уктоо, кыймылдоо, басуу да анын бир компоненти.
Sputnik Кыргызстан агенттиги жалпы практикалык дарыгер Бекжан Турабековго кайрылып, бир нече суроолорду узатты. Биздин маек адамдардын өздөрүнүн саламаттыгына болгон жоопкерчиликтүү мамилеси, сапатсыз дарылар, биологиялык активдүү кошумчалар жана алардын пайда-зыяны туурасында болду.
© Sputnik / Асылбек БактыбековЖалпы практикалык дарыгер Бекжан Турабеков
Врач общей практики Бекжан Турабеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2023
Жалпы практикалык дарыгер Бекжан Турабеков
— Туура тамактанууда эмнелерди эске алуу керек?
— Биздин эл туура тамактануу катары Европанын же башка өлкөлөрдүн азыгын элестетиши мүмкүн. Бирок тамактануу да улутка, расага карата бөлүнүшү керек. Себеби ар бир адамдын жашоо-шарты ар кандай. Дем алган аба, атмосфералык басым да бирдей эмес. Ошол себептен кыргыздар өзүбүздүн пайдалуу азыктарыбызды көбүрөөк колдонгонго аракет жасашыбыз керек. Эң ириде тамакты мүмкүн болушунча көбүрөөк чайнап, жай жеген жакшы. Ошол жеп жаткан тамактан ырахат алуу зарыл. Туура тамактануунун эң негизги эрежелери ушул. Элибиз камыр оокаттарды көп колдонот. Айта кетсем, мүмкүн болушунча 2-сорттогу ундан жасаган пайдалуу. Анда жогорку сорттогусуна караганда макроэлементтер, белок, клетчатка көп. Ушундай пайдалуу альтернативаларын табуу керек. Ал эми орозо учурунда суу майга эмес, сары майга тамак жасаса организм үчүн пайдалуу. Жаңгак азыктарын көп колдонсо жакшы. Өзгөчө бадам, мейиз өңдүү азыктар столдун үстүндө байма-бай турушу кажет.
— Калктын медициналык сабаттуулугун көтөрүү үчүн өз алдынча маалымат берип келесиз...
— Кыргызстандагы медицинанын абалы тууралуу элдин көбү туура эмес түшүнүктө. Мисалы, анын өнүкпөй жаткандыгын заманбап жабдуулардын жоктугу менен түшүндүрүшөт. Бизде мыкты тажрыйбасы мол медиктер, өз ишин жакшы билген докторлор абдан көп. Бирок медицинанын жогорку деңгээлге чыкпай жаткандыгынын негизги себеби — калктын медициналык жактан сабатсыздыгы. Анткени эл өзү сапаттуу тейлөөнү талап кылышы керек. Алардын дарыгерлерге болгон ишеними төмөн, анын ордуна түрдүү витаминдерге, биоактивдүү кошулмаларга кызыгышат. Далилденбеген дарылоо ыкмаларын туура деп эсептешет. Кыргызстанга клиникалык изилдөөдөн өтпөгөн медициналык препараттар арзан баада келет. Бул адам саламаттыгына абдан терс таасирин тийгизет. Ошондуктан дарынын клиникалык изилдөөдөн өткөндүгүн ар бир адам тактап, текшерип алганга, сураганга үйрөнүшү керек. Туура маалымат жеткирүүгө маани берилиши зарыл. Учурда элдин медициналык сабаттуулугун көтөрүп, сапаттуу медицинага келиши үчүн социалдык тармакта бир катар иштерди жасап жатабыз. Жөө басуу таймашын да өткөрүп турабыз. Түрдүү пайдалуу китептер, вебинарлар камтылган жолугушуулар болот. Медицина — дары же оорукана эмес. Ар бир адам өз ден соолугуна кам көрүүсү кажет. Саламаттык сактоо министрлиги калктын сабаттуулугун жогорулатуу боюнча алгылыктуу иш алып барса медицинада көп көйгөй чечилмек. Көптөгөн өлкөлөр телемедицина менен маселелерин чечип жатат. Биз да бул жагын колго алууну сунуштайм.
© Sputnik / Асель СыдыковаБекжан Турабеков: биздин эл туура тамактануу катары Европанын же башка өлкөлөрдүн азыгын элестетиши мүмкүн. Бирок тамактануу да улутка, расага карата бөлүнүшү керек.
Президент медицинской ассоциации специалистов хиджамы Сунна Бекжан Турабеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2023
Бекжан Турабеков: биздин эл туура тамактануу катары Европанын же башка өлкөлөрдүн азыгын элестетиши мүмкүн. Бирок тамактануу да улутка, расага карата бөлүнүшү керек.
— Элге онлайн медициналык кеңеш берет экенсиз...
— Элдин сабаттуулугу өтө төмөн болгондуктан ТикТок платформасынан көптөгөн медициналык маалыматтарды берем. Аларды аягына чейин көрүүгө көбү чыдабайт. Адамдар жеңилдикке гана умтула берет. Мисалы, бирөө чыга калып "геморроюңа ушу жакшы же муну ашказаныңа ич" десе ага ишенип, аны дарыканадан алат. Дарылануунун оңой жолун күтүшөт. Ары жагын иликтебейт, дарынын сапатына кызыкпайт. Улуу муундагы адамдар дары, витамин саткан компанияларга аябай ишенет. Мисалы, социалдык тармакта макала жазарда же элге кеңеш берерде маалыматты кайдан алгандыгымды жазып коём. Негизинен далилденген медицинаны колдоном. Аларды PubMed деп аталган медициналык жана биологиялык басылмалардын англис тилиндеги тексттик базасынан, дарыгерлер жана башка саламаттыкты сактоо кызматкерлери үчүн веб-ресурс болгон Medscape сыяктуу ресурстардан алып турам. Ошол жактагы изилдөөлөргө таянып, бейтаптарды дарылоо жолдорун үйрөндүк.
— Сизге көбүнчө кандай маселелер менен кайрылат?
— Мага дарыгерлерге кайрылып, бирок майнап чыкпаганын айтып көп кайрылышат. Же болбосо "дарыгер мындай дары жазып берди, колдонууга болобу, далилденгенби?" деп сурашат. Медицинада бир врачка барып кеңешин угасыз, ага ынануу үчүн экинчи врачтын да кеңешин уккуңуз келет. Бул — туура. Айыл жеринде тийиштүү медициналык кызматтар аз болгондуктан энелер маселесин көп жазат. Балдарынын оорусу, биоактивдүү кошулмалар, компаниялардан алган витаминдери тууралуу да сурашат. Интернеттен жөн гана сиздерге багыт көрсөтө алам. Бирок профессионалдуу кеңеш бейтапты көрүп, абалын текшерген соң гана берилет. Биздин бейтапканада көбүнчө жөн гана фармкомпаниялар сунуштаган, эч кандай изилдөөдөн өтпөгөн дарыларды алууга жибере беришет. Мисалы, дүйнө жүзүндө "анаферон" дарысын колдонууга тыюу салган. Бирок бизде ал өтө кеңири таралып сатылат. Врачтар деле "эми Эшматка жардам бергенден кийин, Ташматка деле жардам берет да" деген принцип менен иштеп жатат. Мындай болбойт. Ар бир адамга ар кайсы препарат ар кандай таасир берет. Учурда эл туура маалыматтарга суусап турган мезгили. Кыргыз тилинде маалымат берген врачтар өтө аз.
Дарыкананын витринасындагы дарылар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2023
Кыргызстанда дары-дармек баасы жөнгө салынат. Эксперт менен маек
— Бүгүнкү күндө жарнамасы күчтүү биологиялык активдүү кошулмаларга (БАД) же витаминдерге эле ишенип алабыз. Алардын клиникалык жактан далилденгенин кандай текшерүүгө болот?
— Биологиялык активдүү кошулмаларга (БАК) клиникалык изилдөө жүргүзүлгөн эмес. Алар дары эмес. Аны алууда сапатына өзгөчө көңүл буруу керек. БАКты тандоодо NSF сертификатына көңүл буруңуздар. "Халал" сертификат сапатка жооп бербейт. Бизди ушинтип алдашат. 1949-жылдан бери NSF компаниясы БАКтардын сапатын текшерип баштаган. Аталган компаниянын сайтына кирип БАКтын атын жазса эле NSF сертификаты бар же жок экени билинип калат. Мedlit тиркемесинен да текшерсе болот. Препараттын сыртында деле жазылып турат. Көпчүлүк ата-энелер медициналык сабаттуулукту четке калтырып койгон. Коомдо финансылык, бала тарбиялоо сабаттуулугу боюнча гана көп айтылат. Ошол себептен "Эне жана баланын ден соолугу" курсун негиздегем. Аны 800дөн ашык эне окуду. Көп энелер курстун аягында "доктор, биз жадагалса органдарыбызды туура жууганды да билбейт экенбиз. Ошонун натыйжасында эле ооруп жүрө бериптирбиз" дешет. Балдарына кандай гигиеналык каражаттарды колдонууну билишпейт. Мындан тышкары, "Дени сак жашоого кадам" аттуу курсум бар. Анын жардамы менен элдин аба, суу, уйку менен болгон мамилесин оңдоп, кыймыл-аракетти жакшыртып, гигиеналык каражаттарга маани беришине окутам. Бул курсту 2000ге жакын адам аяктап, ден соолугуна башкача мамиле кылууга өттү. Муну менен адамдарга дарыларга эле басым жасабастан дени сак жашоо маанилүү экенин жеткиргим келет. Мисалы, сууну туура ичүү. Мындан тышкары, эркектин ден соолугуна арналган курсубуз бар.
— Сиздин жасап жаткан иштериңизге каршылар барбы?
— Мени дары, БАК саткан жеке компанияларда иштегендер жек көрөт. Маалыматтарым алардын ишине тоскоолдук жаратты. Кесиптештердин арасында да мени социалдык тармакта миңдеген адамдар укканын жактырбагандар бар. Көп врачтар интернетти тоготпойт. Бул туура эмес. Тескерисинче, азыр элдин сабаттуулугун көтөрүп, маалымат берүү үчүн курал катары социалдык тармакты пайдаланышыбыз керек. Өнүккөн өлкөлөр бул багытка мурда эле өтүшкөн. Эл да интернеттен туура маалымат талап кыла баштады. Бара-бара коом онлайн консультация алууга бет алат. Кыргызстан эле эмес коңшу эл деле пирамидалык компаниялардын БАКтарына ишенет, бирок медициналык сабаттуулугу бизден алдыда. Медицинасы да өнүктү.
— Элдик медицинага кандай карайсыз? Ошол эле сары май, сүзмө, кымыз өңдүү улуттук даамдардын да пайдасы тууралуу маалыматтарды берип келет экенсиз...
— Ата-бабаларыбыз азыркыга караганда ооруларды алда канча жакшы дарылашкан. Мисалы, тумоолоп калганда бир да дары колдонгон эмес. Койдун ысык шорпосун ичип тердешкен. Сүзмө кошулган организмге күч-кубат берүүчү азыктарды гана беришкен. Биздин организм уникалдуу жаратылган. Көп ооруларды өзү эле жеңет. Далилденген медицина да көп дарыларды обу жок иче бербеш керектигин айтат. Тамак-ашты жакшыртып, активдүү образда жашап, иммунитетти бекемдөө абзел. Ушул нерселерди аткаруу менен адам 80 пайыз илдетти жеңсе болот. Биздин ата-бабалардын абага, сууга, уйкуга мамилеси абдан жакшы болгон. Караңгы кирер менен уктаган. Бирок элдик медицина эле күчтүү турбайбы деген да жаңылыштык. Ал кезде адамдын организми, жашоо образы, дем алган абасы башкача болду. Иммунитети күчтүү болгондуктан сүткө сары май кошсо эле жакшы болуп кетчү. Азыр дем алганыбыз ыш, кечке офисте отуруп күн көрбөйбүз. Балдар телефондон баш көтөрбөйт. Мурункулар менен биздин организмди салыштырганда асман менен жердей айырма бар. Жөө басуу аэробикалык көнүгүүнүн эң жакшысы. Көп баскан адам эстетикалык рахат алат. Келечекте сапаттуу азыктарга элдин талабын өзгөрткүм келет. Бир эле мисалды айта кетейин, Түркияда медициналык туризм өнүккөн. Кыргызстанда да өнүктүргүм келет. Мыкты клиникаларды жер-жерлерге ачкым келет. Биздин бизнесмендер акчасын соода борборлорго, тойканаларга гана салат. Медицинага салып элди сапаттуу медицина менен камсыздоого ишенбейт. Анткени эл аны талап кылган жок. Ал эми тойдон акчасын аябайт.
Офтальмологдун кабинетинде жаңы төрөлгөн баласы менен аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2023
Ара төрөлгөн балдардын көз оорусу — олуттуу илдет. Офтальмологдун маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0