Кыргыз колунун Бээжинден тартуу алып, жерине кайтышы. Улуу баяндан 6 факт

© Иллюстрация из книги "Манас""Манас" эпосунан Герцондун иллюстрациясы. Архивдик сүрөт
Манас эпосунан Герцондун иллюстрациясы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2023
Жазылуу
Буга чейинки баяныбызда Коңурбайдын жылкынын артынан келип уруш салышын жана анын айланасындагы окуяларды баяндап бергенбиз.
Коңурбайдын эсин жыйып айтканы. Эр Коңурдун алдына Кытайдын туш жагынан акылманы келди, табыптары келди, уккандын баары жыйылды. Кыл табыптан эле отуз алты болуптур. Кан токтотор дарысын сыйпашты, эсине келтирер дарысын беришти. Эки жарым күн дегенде Коңурбай көзүн ачты. Элди көрдү. Үшкүрүндү. Үшкүрүгү баш жарды. Улутунганы таш жарды. Үчүнчү күндө Коңурбай эсин жайып кеп айтат, журтум кайда, элим кайда деп айтат. Бу кара кыргыздын Манасын азыркы адам баласы жеңе албашын, ага тең келер пенде туула электигин айтат, кыргыздарга мал десе – мал бергиле, жан десе – жан бергиле, эптеп мунасага келгиле дейт. Тургандарга Манас туурасында мындай айтып берет: "Адамдан түрү бир башка, маңдайы жазык, башы кууш, бар боюнда турат тууш, кочкор тумшук, кош кирпик, көркү калча, көзү тик, жалаяк ооз, жар кабак, арстандай түстөнгөн, эрди калың, көзү үңкүр, эр мүнөзү көрүнөт, айбатын ойлоп санасам, азат боюм денемден азыр да жаным бөлүнөт, кең көкүрөк, жайык төш, жылма кабак, жылдыз көз, айбаты катуу, заар жүз, ажыдаардай анда түс, билгенин бербес пендеге бил мүнөзү көрүндү, жолборс моюн, жоон билек, жооруну калың, таш жүрөк, жылма маңдай, жылдыз көз, кайраты ашык каар сөз, катылган душман соо калбас кабыландын бири экен". Анан Эр Коңур эсин жыйып, "аңдадым кытай алыңды, аябай бергин малыңды, катардан койбой нарыңды, казынаңда барыңды, аябай төгө көргүлө, алтын, күмүш зарыңды, кызматка бергин кулуңду, кылча да бирин аяба, кызыл кымкап булуңду, буулум, бута, соолонду, буюм дебе, олорду" дейт.
Кызыл кыргын. Коңурбай жарадар болуп кайтканда уруш улана берди. Согушта кылыч тийип мойнуна, кан төгүлүп койнуна, көтөрө албай башыны, көзүнүн төгүп жашыны шылкыйганы андан көп, жаны чыгып, дени сууп, зыңкыйганы сандан көп, эки буту тең сынып, шалактаган андан көп, эси чыгып уруштан, эки көзү ирмелбей, алактаган сандан көп, колу сынып, дени аман, шалдыраган андан көп, урушту көрүп эси ооп, жалдыраган сандан көп, амандык сурап кытайлар, балдыраган андан көп, аты кетип, өзү аман, келип жүргөн мындан көп, баланчабыз өлдү деп, өлгөнүн көзүм көрдү деп, желип жүргөн сандан көп. Кытай деген кылым журт, алардын аткан жебеси Жамгырчы баатырдын ээрдин жырып кетиптир, кара жаак Үрбүнүн башына айбалта тийиптир, буурул сакал Музбурчак сол карысына ок жептир. Кыпчактын кыйыны Элемандын Эр Төштүк көбүн сайып үлгүрдү, Кумардын уулу Дебеги кыжылдаган кытайдын кыйласын капкасына киргизип кууп барды эле, ал жерде аңдып турган Ыраң деген мергени Дебегини оң карыга атып ийди. Алтымыш балбан ачып, жетимиш балбан жапкан капканын оозу ачылды. Бээжиндин бул коргонун көпчүлүк көп жылдап курган экен, ичиндеги күл багы бийик тоо болуптур, көз учкан көпкөк зоо болуптур, кытайлар ушул жерге бекинебиз деген экен, ошол коргонго кирип кетти качышып.
Эсенканга кабар жиберүү. Камоодо калган журтунун камын ойлоп, өзүнүн жанын ойлоп Коңурбай Эсенканга кат жазды. Эсенкан кеткен кандарынан кабар жок кайгырып отурган. Катында Эр Коңур, калың колу кырылганын, кырылгандан калганы камоодо жатканын, Макел дөө баш болуп, баргандар өлүп калганын, өзүнүн далысына найза жеп, акыретке кетүүгө аз-аз эле турганын айткан. Жардам кылышын суранган. Кат аягына белгисин баскан. Кат алып барар кушу бар экен. Анын аты – Тугалык, бир күндө жээри жүз балык. Аягына кагаз тагылган соң учуп кетти Тугалык. Учуп Эсенкандын сарайына конгондо аягындагы коңгуроосу шыңгырайт. Эсенкан кабарды окуп нес болот, аскер башчынын абалын ойлоп ичи күйүп күл болот. Андай болсо Каспандык алып качсын жаныны, аябасын малыны, алтын, күмүш зарыны, жакут, көөхар, лагыл таш, зумурт, бермет таштарын, дүнүйөм деп карабай, сактасын аман баштарын деген чечимге келет
Манас эпосуна картылган иллюстрация. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2023
Чубактын Алмамбеттен жол талашканы. Улуу баяндан 6 факт
Коңурбайдын айтканына ынанып. Кыргыздардын тартуу алып, кайра жерине тартышы. Кара кыргыздарга деп тогуз миң кара нар кылды, нар үстүнө артканы кызыл дилде зар кылды, тогуз миң кызыл нар кылды, кызыл нарга артканы кыйбат алтын зар кылды. Төөлөргө уютулган алтын жүктөлүп, жибек аркан тартылды. Отуз миң төөгө ак күмүш артылды. Зумурт, көөхар, лагыл таш эки миң төөгө жүктөлдү. Сынчылары сындашып, саяпкери жактырып тогуз миң бирдей кара атты, тогуз миң байлап сары атты, тогуз миң байлап тору атты, тогуз миң байлап куланы, тогуз миң байлап боз атты соога кылды. Калаасынан каратып, кара чачы кундуздай, акак тиштүү, кыйгач каш, өрдөк моюн, түймө баш, орто бойлуу, он беш жаш, кобул колдуу, колоң чач, ак тамактан көрүнгөн кара мейиз, жуткан аш, тогуз миң сулуу кыз алып тартууга кошту. Бул тартууларды Анжианды таштап качкан Алооке алып келди өзү баш болуп. Бакай менен Кыргыл чал Манас баатырдын алдына барды, "Тийсин найза, сынсын деп, душман да болсо жыгылса, кордобо, көөнү тынсын да" дешти алар. Анан да Бакай кытайлар капыр да болсо кандуу журт экенин, качантан берки камдуу журт экенин айтып, булардын башына коркуу түшкөндө, кечирим сурап келгенде ырайым кылалы дейт. Манас абасы Бакайдын айтканын жөндүү көрөт. Кызыкканы кыз алды, кайсы бири нар алды, кайсы бири зар алды, эсеп жеткис мал алды. Кытай, кыргыз элдешти. Он эки айга толгондо жетимиш капка Какандын жетөөн бузуп алган кыргыздар бир жыл, бир ай толгондо Бээжинден чоң олжо менен жер-жерине кайтып кетти.
Манастын дөөлөтү көлдөй толду. Анын жашы да алтымышка келди. Башы Кумул, аягы Урум, Түн жагы Кара-Кум, Күн жагы Ымалай, Сарыстан жерлерине даңкы тарады. Өкмөт курду, Жер ортосу Таласта жашап турду. Какандын журтун какшатты, Маңгүбанын баатыры Макел дөөнү башка атты, Бозкертик менен Жолойду, Кытайлардан Коңурбай, Кырмуз уул Мурадил, Кызыл чоктуу Нескара, Калмактардын Ушаңы, кара жалдуу Бороончу, Каңгайлардан Ороңгу, Каар чалдын Сайкалы, Солоондордон Алооке, доңуз мүнөз эр Жолой, Токшугердин Бозкертик, Солобонун Соорондүк – баары Манаска тизе бүктү. Кыргыздын жери Алтайды, Амур дарыя, Эне-Сайды, Эртиш, Уркун – эки суу кайрадан кыргызга алып берди. Ит-Ичпестин Ала-Көлүн, Ындыстандын ысык чөлүн ээледи. Кытайдан алым келет – алышат, мал келет – алышат. Терс караган жети кан оң карады. Алар: кыпчак каны Эр Төштүк, Эштектерден Жамгырчы, Эштек, демек, татардан, казактардан Эр Көкчө, Кара Үрбү, Үрбү деген да кыпчак, Санжы калмак жери экен, Санжыдан келип бек койгон, Анжыяндын улугу Эр Санжыбек деп койгон, өзүнүн аты – Кутулдук, барсы тилдин улугу Музбурчак деген бир улук. Ар уруудан кыйындар мында чогулду, күлдүргүчү, төлгөчүсү, далычысы, сарты, арбан-дөрбөнү, Мажик деген калмагы, казактары, нойгуту, ырчысы, саяпкери-сынчысы – баары бир өкмөттө жашап калды. Айыл тигип аралаш, арстандардын баарысы аттанып чыкса каралдаш, аштык куйса ороолош, арак ичсе жоролош, коюн салып короолош, бул журт айрып алып Камбылды, касташкан жоосун нан кылды, Кара Төлөк баатырды Камбылдыкка кан кылды. Шагыл бийдин Атайга Кумулдун журту жыгылды. Аты Абдылда – Ажы бий Ысык-Көлгө дейре кан болду, Анжыян менен Алайга аким болду Эр Сыргак. Карчыга тандап, куш алып, капырды көрсө, муш салып, кыргыек тандап, куш салып, кытайды көрсө, муш салып, ашпаган улуу тоо калбай, аңдышкан душман соо калбай, ат жетер жерде жоо калбай, баспаган улуу тоо калбай, басташкан душман соо калбай турган кез келди.
Этнофестиваль. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2023
Төрт баатырдын Кытай калааларын дүрбүдөн көрүшү. Улуу баяндан 7 факт
Манастын арманын айтышы. Ушундай дөөлөткө мас болуп турган кезде арманын ичтен чыгарды Айкөл Манас абаңар. Анын арманы алтымышка келсе да, алдейлеп бала сүйө албаганы, төрт катын алса да, бир перзент таба албаганы. Ырас эле Акылай менен Алтынай адамзат пендеден ай-чырайлуу капыр ай, Кайыптын кызы Карабөрк – катында болбойт андай көрк, Каракан кызы Каныкей – аягында алганы. Ушундай сулуулар колдо болсо да, аларга мээрим канса да, алдейлеп бала албады, балкытып колго перзент тутпады, мамыкта катып уктаса да, баркыратып ыйлатып, баланын үнүн укпады. Алыстан сапар келгенде атакем мына келди деп алдынан болпойгон бала чыкпады. Ошондо армандуу сөөгү сыздады. Минилбей канча күлүгү жатат, салынбай канча шумкары турат, чабылбай канча тулпары жүрөт. Мунун баары арман эмей эмине? Манас арманын айтып "Менден коркуп зардады Бээжин кытай калаасы, берсе кемип калабы, бербердиңер баласы, айбатымдан зардаган Анжы-Таңшаң калаасы, арбагы бийик Манасты, келтирип койсо дүйнөгө, кеңири теңир тааланын кемийт беле баласы, артымда туяк калбаса, жаратпай койсо нетти эле, жалган жайга Манасты, баатыр болдум, эр болдум, баркыратып бала албай, байкап турсам дүйнөдө, башым кара жер болдум, жалган дүйнө чиркинге жан кеткен соң көөдөндөн жанып эки келмек жок, жалгыз кылдым өкүмөт, жанымда перзент эрмек жок, кызык жалган дүйнөгө кылчайып эки келмек жок, кылымдын ээси кудурет кыздан да перзент берген жок", — деп боздойт. Ошентип ал казынасын ачтырды, карк алтындан жүз төөлүк карыптарга чачтырды, бил баштаган нар айтты, төрт түлүктөн мал айтты, төөгө кошуп дагы айтты. Ушуга чейин элге кызмат кылды, динге кызмат кылды, кытайга казат кылды, лекин өзүнө бала тилебептир. Кырк чоро менен алты канды астына тизди да, жашы алтымышка келгенин, душман менен барчылашып жүрүп баласыз калганын, болжогон жердин баарын алганын, бирок ботосуз калганын айтып келет да, Ыбырайым, Ысактан ыраакка кеткен канча жан өткөнүн, Айып менен Мусадан акырет кеткен канча жан, пайгамбардын баары өткөнүн, Баба Өмүр кары өткөнүн, Падыша өткөнүн, кан өткөнүн, караламан эсепсиз канча түрлүү жан өткөнүн айтат. Дүйнөгө кесир кылганын, күнөөгө кеперет болгонун, бала күндөн урушуп бирөөлөргө айбалта чапканын, бирөөлөргө найза кадагынан, кудайдын амири менен баашалыкка жеткенин айтып, "баарыңарга эп болсо, барсам деймин Мекеге" дейт. Мындайда ким эле жок десин, баары башын салып баатырдын ажылык сапарга барып келишин макул көрүп турду...
Манас баатыр, Теодор Герцендин иллюстрациясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2023
Алмамбет менен Чубактын Макел дөөнү жеңиши. Улуу баяндан 6 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0