https://sputnik.kg/20230814/rossiya-uluttuk-kyzykchylygyn-kozdogon-bardyk-olko-menen-kyzmattashat-1077819427.html
Путин: Россия улуттук кызыкчылыгын көздөгөн бардык өлкө менен кызматташат
Путин: Россия улуттук кызыкчылыгын көздөгөн бардык өлкө менен кызматташат
Sputnik Кыргызстан
Форум ишин 20-августка чейин улантат. Иш-чарага 69 чет элдик делегация катышып жатат. 14.08.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-08-14T17:17+0600
2023-08-14T17:17+0600
2023-08-14T17:17+0600
дүйнөдө
россия
армия-2023
форум
курал-жарак
техника
дрон
владимир путин
https://sputnik.kg/img/07e7/08/0e/1077819042_0:0:2856:1607_1920x0_80_0_0_0aa1ecb42da6c61d8c531c543b1295a0.jpg
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Россия улуттук кызыкчылыгын, көз карандысыз өнүгүү жолун көздөгөн, ар бир мамлекетти коргой алган коопсуздук системасын түзүүгө дилгир болгон бардык өлкө менен кызматташууга ачык. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Эл аралык аскердик-техникалык "Армия-2023" форумунун ачылышындагы кайрылуусунда айтты.Эскерте кетсек, форум ишин бүгүн, 14-августта, баштады. Атайын операцияда мыктылыгын далилдеген курал-жарак жана техника көрсөтүлө турган иш-чарага 69 чет элдик делегация катышып жатат, анын 29ун коргоо министрлери менен генералдык штабдардын жетекчилери баштап келген.Путин форумдун кадыры артып, бүгүнкү күндө ал аскердик багыттагы заманбап продукция менен инновациялардын дүйнөлүк көргөзмөсүнүн бирине айланганын белгиледи.РФ президенти өз сөзүндө Москва ар кыл тармак боюнча кызматташууга, кадрларды даярдоого, адистерди окутуп, тажрыйба алмашууга чакырып, биргелешкен машыгуу-окутууларды жүргүзүүнү сунуштады.
https://sputnik.kg/20230814/tekhnikanyn-armiya-2023-korgozmosu-bashtaldy-1077808428.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/08/0e/1077819042_0:0:2729:2047_1920x0_80_0_0_feff107fbd8e3db0620652783319d6cd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, армия-2023, форум, курал-жарак, техника, дрон, владимир путин
дүйнөдө, россия, армия-2023, форум, курал-жарак, техника, дрон, владимир путин
Путин: Россия улуттук кызыкчылыгын көздөгөн бардык өлкө менен кызматташат
Форум ишин 20-августка чейин улантат. Иш-чарага 69 чет элдик делегация катышып жатат.
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Россия улуттук кызыкчылыгын, көз карандысыз өнүгүү жолун көздөгөн, ар бир мамлекетти коргой алган коопсуздук системасын түзүүгө дилгир болгон бардык өлкө менен кызматташууга ачык. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Эл аралык аскердик-техникалык "Армия-2023" форумунун ачылышындагы кайрылуусунда
айтты.
Эскерте кетсек, форум ишин бүгүн, 14-августта, баштады. Атайын операцияда мыктылыгын далилдеген курал-жарак жана техника көрсөтүлө турган иш-чарага 69 чет элдик делегация катышып жатат, анын 29ун коргоо министрлери менен генералдык штабдардын жетекчилери баштап келген.
Путин форумдун кадыры артып, бүгүнкү күндө ал аскердик багыттагы заманбап продукция менен инновациялардын дүйнөлүк көргөзмөсүнүн бирине айланганын белгиледи.
"Патриот" паркынын полигонунда 1,5 миң россиялык ишкана аскердик багыттагы заманбап продукциянын 28,5 миң үлгүсүн тартуулады. Россия улуттук кызыкчылыгын, көз карандысыз өнүгүү жолун көздөгөн, ар бир мамлекетти коргой алган коопсуздук системасын биргеликте түзүүгө дилгир болгон бардык өлкө менен кызматташууга ачык. Өнөктөштөрүбүзгө куралдын бардык түрүн сунуштайбыз. Мунун ичинде акыркы үлгүдөгү башкаруу, чалгын системалары, сокку уруучу техника жана робот техникасы бар. Форум аянтчасында өзгөчө басым учкучсуз учуучу аппараттарга жасалган. Бүгүнкү күндө бул багыт аскер тармагында да, жай турмушта да катуу өнүгүп жатат. Мындан тышкары, коргонуу-өнөр жай комплексинин инновациялык жана жарандык продукциясын да баалап кетүүгө чакырабыз. Бул катерлер, тик учактар, амфибиялар жана квадрокоптерлер", — деди Путин.
РФ президенти өз сөзүндө Москва ар кыл тармак боюнча кызматташууга, кадрларды даярдоого, адистерди окутуп, тажрыйба алмашууга чакырып, биргелешкен машыгуу-окутууларды жүргүзүүнү сунуштады.