Бишкекте быйыл бак-дарак өткөн жылга караганда 84%га көп отургузулду

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкектин Токомбаев көчөсүнө көчөт отургузуу. Архив
Бишкектин Токомбаев көчөсүнө көчөт отургузуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2023
Жазылуу
Учурда борбор калааны 3 277 түп бадал, 86 500 түп бак-дарак кооздоп турат.
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Жарым жылдын ичинде Бишкек шаарынын аймагына "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы 19 миң 72 түп бак-дарак отургузду.
Мэриянын маалыматы боюнча, бул өткөн жылга салыштырмалуу 84 пайызга көп. Учурда борбор калааны 3 277 түп бадалдын ар кандай түрлөрү, 86 500 түп бак-дарак кооздоп турат.
"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын карамагында 12 сейил бак, 50 сквер жана эки бульвар бар. Бүгүнкү күндө шаардагы бош он жайды көрктөндүрүү иши уюштурулган. Мындан тышкары, жалпы аянты үч гектардан эки сквер пайдаланууга берилип, жети сейил бактын долбоору түзүлүүдө.
"Борбор калаадагы бак-дарак, газон, гүлдөрдү сугаруу үчүн ирригациялык үч скважина бургуланып, дагы тогуз скважина бургулоо стадиясында турат. Бардыгы болуп 12 кудук бар", — деди мэриядан.
Дарак тигүү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2022
Өлкөдө картайган бак-дарактардын ордун толуктоо мезгили келди. Экологдун маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0