Жакынкы бир саатта жана кечинде Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот. ӨКМ эскертти

© AFP / EMMANUEL DUNANDШамал учурунда көчөдө бараткан аял. Архив
Шамал учурунда көчөдө бараткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Жакынкы бир саатта жана кечинде Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө катуу шамал болору күтүлүп жатат. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетери болжолдонууда.

"Табигый кубулушка кабылган учурда коопсуз жайларда болуңуздар. Кырсык катталса же күбө болуп калсаңыз, 112 кызматына чалууну унутпаңыз", — деп айтышты ӨКМден.

Эс алган жаштар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2023
30 градустан төмөндөйт. Бишкектеги бир жумага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0