30 градустан төмөндөйт. Бишкектеги бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЭс алган жаштар. Архивдик сүрөт
Эс алган жаштар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2023
Жазылуу
7-августта батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 14 метрге жетиши күтүлөт.
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет алдыдагы аптада Бишкекте аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат берди.
Синоптиктердин айтымында, борбор калаада жума ичинде маал-маалы менен өткүн өтүп, күн күркүрөп турат. Абанын температурасы 27-28 градуска чейин түшөт. Күн максималдуу 33-34 градуска чейин ысышы божомолдонду.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, ал эми 7-августта 14 метрге жетиши күтүлөт.
Жамгыр учурунда көлдөгү адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2023
Жаан-чачындуу болот. Келерки жумага карата аба ырайынын божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0