00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Экономикалык панорама
19:05
40 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге шарт түзгөн медициналык окуу жай
11:08
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Максимальный репост
Школа в цифре: как в Кыргызстане создают единую образовательную экосистему
12:08
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
13:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
2025-жылы МЖӨ механизми аркылуу 4 млрд. доллардай инвестиция тартылды — жаңы мыйзам кандай иштеп жатат?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Азыркы жаштар: активдүү, максаттуу бирок улуттук баалуулуктар сакталуудабы?
17:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Казы Дикамбаевдин өмүр жолу жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүнө кошкон салымы
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2025-жылы МЖӨ механизми аркылуу 4 млрд. доллардай инвестиция тартылды — жаңы мыйзам кандай иштеп жатат?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жапаров өлкөдө майнинг-ферма бардыгын тастыктап, дагы бирөө куруларын айтты

© Sputnik / Евгений КозыревМайнинг-ферма. Архив
Майнинг-ферма. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2023
Жазылуу
Иликтөөдө криптовалюта чыгарган ферма бир районго жете турган электр энергиясын колдонуп жатканы айтылган.
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Чүйдүн Кемин районунда ири майнингдик ферма иштеп жатканынын тастыктады.
Белгилей кетсек, кечээ өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгына карабай жаңы жылдан тарта майнинг-ферма тынымсыз иштеп жатканы тууралуу журналисттик иликтөө чыккан. Анда бул ферма кубаттуулугу 30 мегаваттык, бир районго жете турган электр кубатын колдонуп жатканы айтылган.
Мамлекет башчы чынында эле Кемин районуна майнинг-ферма курганга уруксат берилгенин, алар бир киловатт саат үчүн 5,04 сомдон төлөп жатканын айтты.
"Себеби Кемин подстанциясынын күч-кубаты жетет. Экинчиден, жайдын күнү бизде электр энергиясы толук жетиштүү, атүгүл ашып калат. Эч бир жакка сата албайбыз. Ошондуктан энергетика системасына пайда түшсүн деп оор жүктөмдү көтөрө алчу участокторго уруксат берип жатабыз. Эгер кыштын күнү кыйынчылык келе турган болсо, үч ай токтотуп коебуз. Калган тогуз ай бою иштей беришсин. Ушул эле ферма алты айда 480 миллион сом энергетиктерге, 225 миллион сом салыкка төлөп берди. Бул акчанын баары мамлекеттин, ошол эле элдин пайдасына түштү. Мындан ары ал салыктарды жергиликтүү бюджетке төлөйт. Албетте, райондо жылыштар пайда болот", — деди Жапаров.
Президент Кыргызстанда электр энергиясы кыштын күнү гана тартыш болорун айтып, жетишпеген көлөмдү чет өлкөдөн үч сомдон сатып аларын белгиледи. Аны майнинг-фермага сатканда энергетика системасына 2 сом 04 тыйын таза киреше калат деп эсептейт.
Мындан сырткары, ал Камбар-Ата-2 ГЭСинин аймагына да кубаттуулугу 30 мегаваттык майнинг курууга уруксат берилгенин билдирди. Мамлекет башчынын айтымында, 2010-жылы ишке кирген гидростанция 120 мегаватт көлөмдү иштеп чыгууда. Бирок сыртка алып чыгуу мүмкүнчүлүгү 90 гана мегаватт.
"13 жылдан бери калган 30 мегаваты абага сиңип жатыптыр. 6 миллиард 816 миллион киловатт-саат энергиядан акчалай эсептегенде 3 миллиард 275 миллион сом жоготууга учураптырбыз. Бул үчүн буга чейинки шалаакы жетекчилердин баарын жоопко тартса болот. Эмне үчүн 13 жылдан бери жоготуу болуп жатса көңүл бурушкан эмес. Биз Камбар-Ата-2 ГЭСинин ичине майнинг-ферма койгонго уруксат бердик. Ал майнингди курууга эле инвестор 20 миллион доллардын тегерегинде акча салат. Майнинг-ферма ишке кирсе мындан ары жоготуу болбойт. Акча энергетиктерге түшөт. Тагыраагы, элдин чөнтөгүнө түшөт деген эле кеп", — деди президент.
Ошондой эле Жапаров ар бир жасап жаткан ишин жети эмес, жетимиш жолу өлчөп туруп анан чечкиндүү кадамдарга барып жатышканын белгиледи.
Жогорку вольттуу электр линиялары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2023
Сарсанаа болбогула, кыштан көйгөйсүз чыгабыз. Жапаров электр энергиясы тууралуу
Жаңылыктар түрмөгү
0