Садыр Жапаров Сауд Арабияга жөнөп кетти. Коштоп барчу делегациянын курамы

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2023
Жазылуу
Мамлекет башчы саммитке катышып, булуңдагы араб өлкөлөрүнүн президенттери менен жолугушары пландалган.
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-июлда, Жидда шаарына жумушчу сапар менен жөнөп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ал Сауд Арабиянын падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен барып, "Борбор Азия - булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши" аттуу мамлекет башчыларынын биринчи саммитине катышат.
Сапардын алкагында Жапаровдун булуңдагы араб мамлекеттеринин башчылары менен эки тараптуу жолугушуулары да пландалган.
Кыргыз делегациясынын курамындагылар:
Жээнбек Кулубаев — тышкы иштер министри;
Улукбек Марипов — Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси;
Данияр Амангелдиев — экономика жана коммерция министри;
Тойгонбай Абдыкаров — Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору;
Каныбек Туманбаев — Президенттин иш башкаруучусу;
Талгат Аширбеков – Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары.
Садыр Жапаров Сауд Арабияда өтчү саммитке чакыруу алды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2023
Садыр Жапаров Сауд Арабияда өтчү саммитке чакыруу алды
Жаңылыктар түрмөгү
0