Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кыргызстанда мөңгү алдындагы майда көлдөрдүн ташып кетүү коркунучу бар

© Sputnik / Асел АкматУлуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун директору, география илимдеринин доктору, профессор Догдурбек Чонтоев
Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун директору, география илимдеринин доктору, профессор Догдурбек Чонтоев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2023
Жазылуу
Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун директору, география илимдеринин доктору, профессор Догдурбек Чонтоев учурда 4 миң метр бийиктикке чейинки майда мөңгүлөр ыкчам эрип жатканын айтты.
Күн планетасы Жерге нурун мурда кандай чачкан болсо, ошол боюнча эле турат. Башкача айтканда, климаттын өзгөрүшүнө, глобалдык ысыкка Күндүн тиешеси жок. Климаттык өзгөрүүлөрдүн негизги себеби — антропогендик кадамдар. Тагыраагы, адамдар тарабынан зыяндуу газдардын эбегейсиз парниги пайда болуп, абаны булгап жатат. Бул тууралуу Догдурбек Чонтоев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Кыргызстанда мөңгү алдындагы майда көлдөрдүн ташып кетүү коркунучу бар
Анын айтымында, эгер климаттын өзгөрүшү ушул нукта улана бере турган болсо, Кыргызстандагы мөңгү алдындагы майда көлдөр жырылып, ташып кетүү коркунучу бар.
"Учурда антропогендик таасирдин кесепетинен климат өзгөрүүгө дуушар болууда. Мындан улам 4 миң метр бийиктикке чейинки майда мөңгүлөр адаттан тыш ылдамдыкта эрип жатат. 2040-жылдарга чейин дарыяларда суу мол болот. Буга мисал кылып Нарын дарыясын алсак болот, анын суусу соңку 10 жыл аралыгында 20-22 пайызга көбөйдү. Мөңгүлөрдүн интенсивдүү эрип жаткандыгынан алардын астындагы майда көлдөргө суу толуп ташкындап кетиши мүмкүн. Жалпысынан Кыргызстанда мөңгү астында 2000дей көл болсо, алардын 300ү учурда кооптуу абалда. Булардын 25-30дайы адамдар жашаган, өндүрүш иштеткен аймактарга туура келет. Бирок 2040-50-жылдардан соң майда мөңгүлөрдүн эрип кеткендигинен дарыяларга суу келбей кургакчылык болушу ыктымал. Биз климатка болгон мамилебизди олуттуу өзгөртүшүбүз зарыл", — деди Чонтоев.
Окумуштуу аталган кооптуу көлдөр тууралуу ӨКМ кабардар экенин жана илимпоздор менен биргеликте мониторинг жүргүзүп турушарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0