Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Чонтоев: Сары-Жазга суу сактагыч курууга кытай тарап эми кызыкдар эмес

© Sputnik / Асел АкматУлуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун директору, география илимдеринин доктору, профессор Догдурбек Чонтоев
Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун директору, география илимдеринин доктору, профессор Догдурбек Чонтоев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2023
Жазылуу
Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун директору, география илимдеринин доктору, профессор Догдурбек Чонтоев Кытайга агып чыккан сууну көзөмөлдөө үчүн Сары-Жазга ГЭС куруу зарылдыгын айтты.
Сары-Жаздын гидрологиялык потенциалы боюнча биздин институт 2006-2016-жылдар аралыгында иликтөө жүргүзгөн. Анда Кытай тарап менен биргеликте экспедициялар уюштурулуп, кайсы жерге суу сактагыч курса болору изилденген. Бул тууралуу Догдурбек Чонтоев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Чонтоев: Сары-Жазга суу сактагыч курууга кытай тарап эми кызыкдар эмес
Анын айтымында, Сары-Жаз дарыясы аркылуу Кытайга 7 миллиард куб метр суу агып чыгып турат.
"Кытай тарап мындан бир топ жыл мурда Кыргызстанга, Сары-Жазга биргеликте ГЭС куруу сунушун киргизген. Анын алкагында эки тараптан экспедициялар жүргүзүлүп, дарыянын гидрологиялык потенциалы изилденген. Кытайлар 3 миллиард долларга чукул каражат бөлүп биз тарапка эки, Кытай тарапка үч ГЭС курулмак болгон. Бирок алар ГЭСтерди башкаруу пульту Кытай тарапта болот деген шартты киргизишкен. Ошол жылдары бизде Бишкек ТЭЦи жарылып, Кытайга болгон карыз маселеси көтөрүлүп, дагы карызга батып ГЭС курууну коомчулук терс кабыл алган. Жыйынтыгында биз тарап башкаруу пульттун аларда болушун каалабай жана жогорудагы социалдык маселелерден улам бул сунуштан баш тарткан. Андан соң кытайлар өздөрү тарабына суу сактагыч куруп алышты. Ага чейин Сары-Жаздын суусу аларга деле пайда алып келбей, тоолордон агып чыгып эле Такла-Макан чөлүнө сиңип кетчү. Учурда биздикилер бул чөлкөмгө ГЭС курууну пландаштырып жатканы Кытай тарапка жакпай калышы толук мүмкүн жана бул табигый көрүнүш. Анткени биз суунун башында тургандыктан алардын өздөрү жакка куруп алган ГЭСтери көз каранды болуп калат. Бирок муну каскаддык ГЭСтерди куруу менен чечип, эки мамлекет бир орток пикирге келсе болот", — деди Чонтоев.
Окумуштуу Сары-Жазга ГЭСтин курулушу эч бир эл аралык келишимдерге каршы келбестигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0