Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

"Росэнергоатом": Украина ЗАЭСке өзөктүк калдыктар менен чабуул коюу ниетинде

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүЗапорожье АЭСи. Архив
Запорожье АЭСи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2023
Жазылуу
Ренат Карчаа 5-июлдун түнүндө ЗАЭСке чабуул коюу пландалып жатканын айтты.
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Киев 5-июлга караган түнү таамай тийген куралдарды, камикадзе дрондорун колдонуп Запорожье АЭСине чабуул жасаганы жатат. Бул тууралуу РИА Новости "Росэнергоатомдун" жетекчисинин кеңешчиси Ренат Карчаанын айтканына таянып кабарлады.
Ал ошондой эле "Точка-У" ракетасындагы радиоактивдүү калдыктар толтурулган дүрмөт менен сокку уруу пландаштырылып жатканын билдирген.

"Бүгүн айтып коё турган маалымат келип түштү... 5-июлга караган түнү Украинанын Куралдуу күчтөрү Запорожье атомдук электр станциясына алыска жетүүчү таамай тие турган жана пилотсуз учуучу камикадзе-аппараттар менен чабуул коюу ниетинде", — деген Карчаа "Россия-24" телеканалынын эфиринде сүйлөп жатып.

Ал муну менен катар эле 3-июлда Түштүк украиналык АЭСтен алып чыгып кеткен радиактивдүү калдыктар толтурулган ок-дарылар менен асмандан чабуул жасоо көздөлүп жатканын кошумчалады.
" Радиоактивдүү заттарды таштоонун резервдик планында радиоактивдүү калдыктар менен толтурулган жогорку тактыктагы "Точка-У" снарядын колдонуу бар”, — деген Карчаа.
Запорожье АЭСине (ЗАЭС) стелласы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Небензя: Россия Киевдин ЗАЭСке жасаган чабуулуна катуу жооп кайтарат
Жаңылыктар түрмөгү
0