Алп режиссёр Болот Шамшиевге "Ала-Арчада" эстелик тургузулду. Сүрөт

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевКыргыз Республикасынын Баатыры, алп кинорежиссёр Болотбек Шамшиевге "Ала-Арча" тарыхый-мемориалдык көрүстөнүндө эстелик тургузулду
Кыргыз Республикасынын Баатыры, алп кинорежиссёр Болотбек Шамшиевге Ала-Арча тарыхый-мемориалдык көрүстөнүндө эстелик тургузулду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2023
Жазылуу
Эскерүүдө Болотбек Шамшиевдин ысымы кыргыз маданиятында жана киноискусствосунда түбөлүк алтын тамгалар менен жазылып калары айтылды.
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Кыргыз Республикасынын Баатыры, алп кинорежиссёр Болотбек Шамшиевге "Ала-Арча" тарыхый-мемориалдык көрүстөнүндө эстелик тургузулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев

Кыргыз Республикасынын Баатыры, алп кинорежиссёр Болотбек Шамшиевге "Ала-Арча" тарыхый-мемориалдык көрүстөнүндө эстелик тургузулду

Кыргыз Республикасынын Баатыры, алп кинорежиссёр Болотбек Шамшиевге "Ала-Арча" тарыхый-мемориалдык көрүстөнүндө эстелик тургузулду - Sputnik Кыргызстан
1/5

Кыргыз Республикасынын Баатыры, алп кинорежиссёр Болотбек Шамшиевге "Ала-Арча" тарыхый-мемориалдык көрүстөнүндө эстелик тургузулду

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев

Мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты, СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти, драматург, үлкөн режиссёр Болотбек Шамшиевдин эстелигинин ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, киносүрөткердин үй-бүлөсү, достору, талантын баалагандар катышкан

Мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты, СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти, драматург, үлкөн режиссёр Болотбек Шамшиевдин эстелигинин ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, киносүрөткердин үй-бүлөсү, достору, талантын баалагандар катышкан - Sputnik Кыргызстан
2/5

Мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты, СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти, драматург, үлкөн режиссёр Болотбек Шамшиевдин эстелигинин ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, киносүрөткердин үй-бүлөсү, достору, талантын баалагандар катышкан

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев

Анын өмүрүнүн соңку мезгилдеринде, 2022-жылы президенттин жарлыгы менен "Ак шумкар" өзгөчө белгиси менен эң жогорку сыйлык — "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы ыйгарылган

Анын өмүрүнүн соңку мезгилдеринде, 2022-жылы президенттин жарлыгы менен "Ак шумкар" өзгөчө белгиси менен эң жогорку сыйлык — "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы ыйгарылган - Sputnik Кыргызстан
3/5

Анын өмүрүнүн соңку мезгилдеринде, 2022-жылы президенттин жарлыгы менен "Ак шумкар" өзгөчө белгиси менен эң жогорку сыйлык — "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы ыйгарылган

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев

Болот Шамшиев 1941-жылы 12-январда Фрунзеде шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы Төлөн Шамшиев белгилүү акын, ал эми апасы Авина Мурзаходжаева акушер-гинеколог эле

Болот Шамшиев 1941-жылы 12-январда Фрунзеде шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы Төлөн Шамшиев белгилүү акын, ал эми апасы Авина Мурзаходжаева акушер-гинеколог эле - Sputnik Кыргызстан
4/5

Болот Шамшиев 1941-жылы 12-январда Фрунзеде шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы Төлөн Шамшиев белгилүү акын, ал эми апасы Авина Мурзаходжаева акушер-гинеколог эле

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев

Болочоктогу кинематографист 1964-жылы Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтунун режиссёрдук факультетин аяктап чоң киного кадам таштаган.

Болочоктогу кинематографист 1964-жылы Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтунун режиссёрдук факультетин аяктап чоң киного кадам таштаган. - Sputnik Кыргызстан
5/5

Болочоктогу кинематографист 1964-жылы Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтунун режиссёрдук факультетин аяктап чоң киного кадам таштаган.

1/5

Кыргыз Республикасынын Баатыры, алп кинорежиссёр Болотбек Шамшиевге "Ала-Арча" тарыхый-мемориалдык көрүстөнүндө эстелик тургузулду

2/5

Мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты, СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти, драматург, үлкөн режиссёр Болотбек Шамшиевдин эстелигинин ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, киносүрөткердин үй-бүлөсү, достору, талантын баалагандар катышкан

3/5

Анын өмүрүнүн соңку мезгилдеринде, 2022-жылы президенттин жарлыгы менен "Ак шумкар" өзгөчө белгиси менен эң жогорку сыйлык — "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы ыйгарылган

4/5

Болот Шамшиев 1941-жылы 12-январда Фрунзеде шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы Төлөн Шамшиев белгилүү акын, ал эми апасы Авина Мурзаходжаева акушер-гинеколог эле

5/5

Болочоктогу кинематографист 1964-жылы Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтунун режиссёрдук факультетин аяктап чоң киного кадам таштаган.

Мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты, СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти, драматург, үлкөн режиссёр Болотбек Шамшиевдин эстелигинин ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, киносүрөткердин үй-бүлөсү, достору, талантын баалагандар катышкан.
"Болот Шамшиев "кыргыз кереметин" жаратуучуларынын бири катары дүйнөлүк кинематографиянын тарыхына кирген залкар инсан. Анын эмгектери СССРде гана эмес, чет өлкөлөрдө дагы белгилүү болгон. Болот Шамшиев кыргыз киносу дүйнөлүк атактуу режиссёрлордун чыгармалары менен теңтайлаша аларын бир нече жолу далилдеди. Биз бул улуу кинорежиссёрдун инсандын руханий жактан өсүп-өнүгүшүнө чоң таасирин тийгизген кинолорунда чоңойдук. Анын элеси замандаштарынын жүрөгүндө жашайт", – деп белгилеген Жапаров.
Анын өмүрүнүн соңку мезгилдеринде, 2022-жылы президенттин жарлыгы менен "Ак шумкар" өзгөчө белгиси менен эң жогорку сыйлык — "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы ыйгарылган.
"Болотбек Шамшиевдин ысымы кыргыз маданиятында жана киноискусствосунда түбөлүк алтын тамгалар менен жазылат", – деп белгиледи Жапаров.
Болот Шамшиев 1941-жылы 12-январда Фрунзеде шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы Төлөн Шамшиев белгилүү акын, ал эми апасы Авина Мурзаходжаева акушер-гинеколог эле. Болочоктогу кинематографист 1964-жылы Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтунун режиссёрдук факультетин аяктап чоң киного кадам таштаган.
Өмүрүн "кыргыз кереметин" жаратууга арнаган режиссёр эмгек жолунда "Чабан", "Манасчы", "Караш-Караш окуясы", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Ак кеме", "Эл арасында", "Эрте келген турналар", "Бөрү зындан", "Снайперлер" жана "Фудзиямадагы кадыр түн" фильмдерин жараткан.
Кыргыз Республикасынын эл артисти 2019-жылы 21-декабрында 78 жашында көз жумду.
Болот Шамшиев 82 жашка чыкмак. Режиссерду эскерген каармандары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2023
Болот Шамшиев 82 жашка чыкмак. Режиссерду "эскерген" каармандары
Жаңылыктар түрмөгү
0