Акылбек Жапаров Миң-Куштагы уран калдыктары сакталган жайларды барып көрдү

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевАкылбек Жапаров Миң-Куштагы уран калдыктары сакталган жайларды барып көрдү
Акылбек Жапаров Миң-Куштагы уран калдыктары сакталган жайларды барып көрдү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2023
Жазылуу
"Туюк-Суу" уран калдыктары сакталган жайын "Дальнееге" айыл аралаган жол аркылуу ташуу керек болгондуктан жергиликтүү эл каршылыгын билдирүүдө.
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жумгал районунун (Нарын) Миң-Куш айыл аймагындагы уран калдыктарын сактоочу жайларга барды. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
Белгилей кетсек, Миң-Куш айыл аймагында жалпысынан "Талды-Булак", "Туюк-Суу", "Как" жана "Дальнее" сыяктуу уран калдыктары сакталган төрт жай бар. Учурда "Как" рекультивацияланууда, жүргүзүлүп жаткан иштер үстүбүздөгү жыл ичинде бүткөрүлөт. "Талды-Булак" "Дальнее" жайына көчүрүлүүдө. Ташуу иштерин 2023-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жумгал районунун (Нарын) Миң-Куш айыл аймагындагы уран калдыктарын сактоочу жайларга барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жумгал районунун (Нарын) Миң-Куш айыл аймагындагы уран калдыктарын сактоочу жайларга барды - Sputnik Кыргызстан
1/4

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жумгал районунун (Нарын) Миң-Куш айыл аймагындагы уран калдыктарын сактоочу жайларга барды

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев

Белгилей кетсек, Миң-Куш айыл аймагында жалпысынан "Талды-Булак", "Туюк-Суу", "Как" жана "Дальнее" сыяктуу уран калдыктары сакталган төрт жай бар

Белгилей кетсек, Миң-Куш айыл аймагында жалпысынан "Талды-Булак", "Туюк-Суу", "Как" жана "Дальнее" сыяктуу уран калдыктары сакталган төрт жай бар - Sputnik Кыргызстан
2/4

Белгилей кетсек, Миң-Куш айыл аймагында жалпысынан "Талды-Булак", "Туюк-Суу", "Как" жана "Дальнее" сыяктуу уран калдыктары сакталган төрт жай бар

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев

Учурда "Как" рекультивацияланууда, жүргүзүлүп жаткан иштер үстүбүздөгү жыл ичинде бүткөрүлөт

Учурда "Как" рекультивацияланууда, жүргүзүлүп жаткан иштер үстүбүздөгү жыл ичинде бүткөрүлөт - Sputnik Кыргызстан
3/4

Учурда "Как" рекультивацияланууда, жүргүзүлүп жаткан иштер үстүбүздөгү жыл ичинде бүткөрүлөт

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев

"Талды-Булак" "Дальнее" жайына көчүрүлүүдө. Ташуу иштерин 2023-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда

"Талды-Булак" "Дальнее" жайына көчүрүлүүдө. Ташуу иштерин 2023-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда - Sputnik Кыргызстан
4/4

"Талды-Булак" "Дальнее" жайына көчүрүлүүдө. Ташуу иштерин 2023-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда

1/4

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жумгал районунун (Нарын) Миң-Куш айыл аймагындагы уран калдыктарын сактоочу жайларга барды

2/4

Белгилей кетсек, Миң-Куш айыл аймагында жалпысынан "Талды-Булак", "Туюк-Суу", "Как" жана "Дальнее" сыяктуу уран калдыктары сакталган төрт жай бар

3/4

Учурда "Как" рекультивацияланууда, жүргүзүлүп жаткан иштер үстүбүздөгү жыл ичинде бүткөрүлөт

4/4

"Талды-Булак" "Дальнее" жайына көчүрүлүүдө. Ташуу иштерин 2023-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда

Ал эми "Туюк-Суу" уран калдыктары сакталган жайын "Дальнееге" айыл аралаган жол аркылуу ташуу керек болгондуктан жергиликтүү эл каршылыгын билдирген.
Элдин маселесин угуу үчүн Акылбек Жапаров алар менен жолукту. Анда жергиликтүү тургундар эгерде "Туюк-Суу" ачылып, башка жайга көчүрүлө турган болсо ден соолукка зыян келтирээрин айтышты.
Карапайым элдин, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтин жана тиешелүү адистердин пикирин уккан Акылбек Жапаров "бардык аткарыла турган иштер мыйзам чегинде болорун жана элдин кызыкчылыгы үчүн чечилиши керектигин" билдирди. Жыйынтыгында Жапаров жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө "Туюк-Сууну" көчүрүү маселесин мындагы жашоочулар арасында "референдум" сыяктуу жол менен чечүүнү жана анын жыйынтыгына жараша министрлер кабинети бир чечимге келерин билдирди.
Белгилей кетсек, Миң-Куш айыл аймагындагы уран калдыктары сакталган жайларды рекультивациялоо боюнча россиялык "Росатом" атомдук энергия боюнча мамлекеттик корпорациясы менен Кыргызстандын ортосунда ЕАЭБдин алкагында мамлекеттер аралык максаттуу программа бекитилген.
 Нарын шаарынын Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтында милициянын аймактык, заманбап пункту ачылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2023
Нарын шаарында милициянын аймактык заманбап жаңы жайы ачылды
Жаңылыктар түрмөгү
0